КТМУнун ректору менен биринчи проректору Министрлер Кабинетинин төрагасы Жапаровдун эл аралык рейтингге кирген университеттердин жетекчилери менен жолугушуусуна катышты


  • 2024-11-19

Кыргыз-Түрк “Манас” университети эл аралык платформалардагы жетишкендиктери менен алдыңкы билим берүү мекемеси болууну улантууда.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров QS Азия ѳлкѳлѳрүндѳгү жогорку окуу жайлардын рейтингине кирген өлкөнүн алдыңкы университеттеринин ректорлору менен жолугушту. Жолугушууга Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, PhD., профессор Алпаслан Жейлан менен биринчи проректор, саясий и. к., доцент Алмаз Ибраев да катышты.

Акылбек Жапаровдун өз сөзүндө биринчи жолу байкалардык жыйынтык болгонун, бул жогорку билим берүү тутумунун жаңы өнүгүүсүнүн маанилүү далили экенин белгилеп, сөзүн мындай деп уланты: “Биздин жалпы максат — дүйнөлүк жогорку стандарттарга жооп берген күчтүү, атаандаштыкка жөндөмдүү университеттерди түзүү. Ошондой эле аймактын билим берүү жана илимий потенциалын жигердүү өнүктүрүү болуп саналат. Анткени ансыз бүткүл Кыргызстанды модернизациялоого жетишүү мүмкүн эмес.”

Жапаров өз сөзүндө билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, илимий активдүүлүктү стимулдаштыруу, чет өлкөлүк университеттер менен кызматташууда эр аралык мобилдүүлүктү өнүктүрүү, инновациялык жана технологиялык стартаптарды колдоо, лабораторияларды жана окуу мекемелерин модернизациялоо, академиялык репутацияны жогорулатуу боюнча иштерди улантуу керектигин баса белгиледи.

КТМУ- Кыргызстандын эң мыкты университети

Белгилей кетсек, аталган рейтингге Кыргызстандын 6 университети кирди. Анда Кыргыз-Түрк “Манас” университети 230-орунга кирип, Кыргызстанда биринчи орунду камсыздоо менен өлкөнүн алдыңкы университети экенин дүйнөлүк деңгээлде дагы бир ирет далилдеди. Ал эми Ош мамлекеттик университети жана Борбордук Азиядагы Америка университети — 260-орунда, Б. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети — 333-орунда, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети жана И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети — 381-орунда турат.

Мындан тышкары, Борбордук Азиядагы 65 университеттин ичинен КТМУ 10-орунда, ОшМУ жана БААУ 13-орунда, КРСУ— 19-орунда, КМТУ жана КУУ— 25-орунда турушат.

Эл аралык рейтинге жогорку окуу жайлар академиялык кадыр-баркы, иш-берүүчүлөрдүн арасында кадыр-баркы, студенттер менен профессордук-окутуучулар курамынын сандык айкалышы, чет элдик окутуучулар менен студенттердин саны, илимий даражалуу кызматкерлердин саны, интернет-ресурстарынын натыйжалуулугу, жарыкка чыккан макалалардын профессордук-окутуучулар курамынын ар бир кызматкерине туура келчү саны аркылуу жетишти.

КТМУ - “Университеттен да артык”

“Манас” университети студентке багытталган ыкманы колдонуу менен студенттердин билим жана көндүмдөрдү гана алып тим болбостон, ошол эле учурда өзүнө ишенген, жаратман инсан болуп өсүүсүн камсыз кылууну көздөйт. “Университеттен да артык” урааны менен жолго чыккан университет Кыргызстанга ар бир тармакта салым кошууга умтулуп, өнүгүүнүн жана инновациянын алдыңкылары болууда лидерлигин улантууда.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/manasuniv/p/DCj-HRdt5mr/

    Социалдык медиада бөлүшүү