Маданий мурасты келечекке ташыган “Устаттан шакиртке” аттуу топтук сүрөт көргөзмөсү “Манас” университетинде министр Максутовдун катышуусунда ачылды


  • 2024-11-24

Үстүбүздөгү жылдын 21-ноябрында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин көркөм өнөр факультетинин живопись бөлүмү тарабынан уюштурулган “Устаттан шакиртке” аттуу топтук сүрөт көргөзмө болуп өттү.

Көркөм өнөр факультетинин маданий иш-чараларынын алкагында Курманжан Датка атындагы сүрөт галереясында ачылган аталган көргөзмөгө Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, PhD., профессор Алпаслан Жейлан, проректор, PhD., профессор Режаи Доган, көркөм өнөр факультетинин деканы, PhD., профессор Күршад Гүлбейаз, окутуучулар, студенттер жана искусство сүйүүчүлөрү катышты.

Топтук көргөзмөдө Сталбек Токтоев, Руслан Ибраимов, Бахрам Темиров, Нурлан Жороев, Азамат Абакиров, Таалайкүл Сейитбекова жана Талгат Бокоев аттуу таланттуу сүрөтчүлөрдүн көз жоосун алган эмгектери искусство сүйүүчүлөрүнө тартууланды.

Кара-Кыргыз автономиялык облусунун 100 жылдыгына карата “Устаттан шакиртке” – деген жакшы демилге көтөрүлгөнүн белгилеген Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов сөзүн мындай деп улантты: “Кыргыз-Түрк “Манас” университети эл аралык деңгээлде алдыңкы жогорку окуу жайлардын бири болду. Университеттин сүрөт галереясында биздин алтындай болгон келечегибизди түзгөн студенттерге  көргөзмөнү көрсөткөн ректор, PhD., профессор Алпаслан Жейлан баштаган жалпы жамаатка ыраазычылык билдирем.”

Министр өз сөзүндө маданий мурастын муундан муунга өткөрүүнүн керектигине көңүл буруп, баалуу эмгектери үчүн сүрөтчүлөргө ыраазычылык билдирип, аларга мындан аркы иштеринде албан-албан ийгиликтерди каалады.

Искусствонун билим берүүдөгү ролу: “Устатсыз устат болбойт”

Ректор, PhD., профессор Алпаслан Жейлан өз сөзүндө “Манас” университети - Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутовдун да үйү экенин айтып, окуу жайга келгенине ыраазычылык билдирди.

Көркөм өнөр факультетинин профессордук-окутуучулук курамына токтолгон ректор Жейлан: “Биздин эң чоң максатыбыз – өзүбүз билим берип, өстүргөн жаштардын окуу жайыбызда окутуучу, жетекчи болуусу. Бул үчүн аракет кылып жатабыз. Кымбаттуу устаттарга ыраазычылык билдирем. Анткени айрым нерселер бар, мында устатсыз эч нерсе болбойт. Алардын ичинен эң маанилүүсү – искусство. Ооба, искусство боюнча билим алса болот, бирок устатсыз да устат болбойт.”

Көргөзмөнүн жүрүшүндө сөз сүйлөгөн Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин, Архитектура жана дизайн институтунун директору Салтанат Кожобаева: “Ар бир адамдын ички дүйнөсүндө маданият болгондо көптөгөн жакшы иштерди алып келет. Биздин мамлекетибизде дагы чоң долбоорлор жаралып, мыкты таланттар тарбияланат”, - деп, “Устаттан шакиртке” демилгесинин маанилүүлүгүн белгиледи.

Долбоордун жаралуу идеясы тууралуу ой бөлүшкөн Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Архитектура жана дизайн институнун, дизайн кафедрасынын окутуучусу, доцент, сүрөтчү-график-плакатист Сталбек Токтоев: “Кара-Кыргыз автаномиялык облусунун 100 жылдыгына карата “Устаттан шакиртке” долбоорун бир жыл мурда ойлоп таап, ишибизди баштаганбыз. Максатыбыз - композицияларды жазып кыргыз искусствосун дагы жогорку деңгээлге көтөрүү. Долбоор мындан ары дагы ишин улантат”, - деп, Өзбекстан, Казакстан, Түркия сыяктуу мамлекеттер менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатканын айтты.

Көргөзмөнүн соңунда көркөм өнөр факультетинин деканы, PhD., профессор Күршад Гүлбейаз тарабынан атактуу сүрөтчүлөргө маданий иш-чарага кошкон салымдары үчүн ыраазычылык баракчалары ыйгарылды.

Белгилей кетсек, көргөзмө 10-декабрга чейин уланып, эшик бардык каалоочулар үчүн ачык.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/manasuniv/p/DCv_601tpQ1/

Instagram:

https://www.instagram.com/manasuniv/reel/DCq520Ntmd1/

    Социалдык медиада бөлүшүү