Түрк дүйнөсүнүн окутуучулары II “Манас” конгрессинде жолугушту


  • 2024-11-28

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Кыргыз-Түрк “Манас” университети жана А. Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин кызматташтыгы менен уюштурулган II эл аралык “Манас” педагогикалык изилдөөлөр конгресси 2024-жылдын 21-22-ноябрь күндөрү түрк дүйнөсүнүн ар кайсы аймактарынан келген илим изилдөөчүлөрдүн, окутуучулардын катышуусунда өткөрүлдү.                                                                                                                                                                                                        

Конгресске Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, PhD., профессор Алпаслан Жейлан, А. Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин ректору, PhD., профессор Бекмурза Зулуев, КТМУнун гуманитардык факультетинин педагогика бөлүмүнүн башчысы, PhD., профессор Мехмет Ариф Өзербаш, конгрессти уюштуруу комитетинин төрагасы, PhD., профессор Акматали Алимбеков жана көптөгөн окутуучулар менен угармандар катышты.

2024-жылдын 21-ноябрында онлайн форматта башталган конгресстин ачылыш сөзүн КТМУнун ректору, PhD., профессор Алпаслан Жейлан сүйлөдү. Ректор, PhD., профессор Жейлан конгресске жетекчилик кылган Ош мамлекеттик педагогикалык университетине ыраазычылык билдирип, түрк мамлекеттеринин ортосунда билим берүү жаатындагы кызматташуулардын маанилүүлүгүн белгиледи. Ректор Жейлан: “Түрк мамлекеттери жана боордош университеттер менен кызматташып, билим берүүдө жаңычыл долбоорлорду ишке ашырууга аракет кылабыз” - деп, университеттердин өзгөрүү жана өнүгүү процессинде негизги роль алышы керектигин айтты.

А. Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин ректору, PhD., профессор Бекмурза Зулуев өз сөзүндө ректор Жейландын экинчи жолу ректор болуп дайындалганына кубанычта экенин билдирип, жаңы кызмат мөөнөтүндө ийгиликтерди каалады. Конгресске салым кошкон бардык катышуучуларга ыраазычылык билдирген Зулуев, сунушталган баяндамалар түрк дүйнөсүнө чоң салым кошоруна ишенерин билдирди.

2024-жылдын 22-ноябрында Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде уюштурулган офлайн отурумдарда Кыргызстан, Түркия, Казакстан жана Өзбекстандан келген илимпоздор тарабынан 70тен ашуун баяндама жасалды. Иш-чара билим берүү тармагындагы учурдагы өзгөрүүлөрдүн жана инновациялык колдонмолорду терең талкуулоого мүмкүнчүлүк түзүп, аймактык кызматташууну өнүктүрүүгө чоң салым кошту.

Конгресс түрк дүйнөсүнүн көптөгөн аймактарынан келген катышуучуларга сертификаттарды тапшыруу менен ийгиликтүү аяктады.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/manasuniv/p/DC9AOz0tUBk/

    Социалдык медиада бөлүшүү