Ардагерлер жана шахмат сүйүүчүлөрү “Manas Rapid” турниринде жолугушушту


  • 2024-12-04

Үстүбүздөгү жылдын 30-ноябрында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин социалдык курулуштар имаратында шахмат сүйүүчүлөрү жана ардагерлери арасында “Manas Rapid” аттуу ачык шахмат турнири өттү.

Аталган турнирди Кыргыз-Түрк “Манас” университети “Шахмат сүйүүчүлөр жана ардагерлер союзу” коомдук фонду менен биргеликте уюштурду. Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты, Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Дастан Бекешов, “Шахмат сүйүүчүлөр жана ардагерлер союзу” коомдук фондунун жетекчиси Муратбек Жансаков, КТМУнун ден соолук, маданият жана спорт башкармалыгынын башчысы Назира Кубанычбек менен шахмат спортунун сүйүүчүлөрү катышты.

Мелдештер “А” тобу (75 жаш жана жогоркулар) “Б” тобу (50 жана 65 жаштан жогоркулар), “С” тобу (1700 жана андан жогору рейтингдеги оюнчулар) арасындагы шахмат сүйүүчүлөр ортосунда болуп, оюндар кызыктуу болду.

Иш-чаранын ачылыш сөзүн сүйлөгөн Жогорку Кеңештин депутаты, Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Дастан Бекешов: “Шахмат ойноо менен убакытты пайдалуу өткөрүү абдан сонун. Шахмат ойногон соң көптөр баарлашуусун  андан ары улантып, жакшы убакыт өткөрүшөт. Ардагерлерди кубантып, шахматка болгон кызыгууну жараткан колдоо өтө маанилүү”, –деп, “Манас” университетине жана жардам көрсөткөн жаштарга ыраазычылык билдирди.

Мелдештин жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөр грамоталар жана баалуу белектер менен сыйланышты.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/DDJlf0TtBrR/?igsh=MTF0MmRrMHdqeTZ3Zw==

Instagram:

https://www.instagram.com/students.manas.edu.kg/reel/DDEuwjCNJRr/

Manas TV'nin Haberi:

https://youtu.be/wPmQI0fDA4I?feature=shared

    Социалдык медиада бөлүшүү