2024-жылдын 29-ноябрында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин конгресс жана маданият борборунда эбру устаты Хикмет Барутчугилдин катышуусу менен “Орток түрк алфавити” темасында эбру көргөзмөсү жана түрк элдик ырларынын концерти болуп өттү.
Аталган иш-чара “Анадолу” Кыргыз-Түрк кыздар кесиптик лицейи жана “Багжылар” Хикмет Барутчугил көркөм өнөр лицейинин кызматташтыгында уюштурулду. Ага КТМУнун проректору, PhD., профессор Режаи Доган, Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин билим берүү боюнча кеңешчиси Күршад Дулкадир, эбру устасы Хикмет Барутчугил, “Багжылар” Хикмет Барутчугил көркөм өнөр лицейинин директору Мурат Ачыкалын, “Анадолу” Кыргыз-Түрк кыздар кесиптик лицейинин директору Мустафа Огуз, КТМУнун көркөм өнөр факультетинин деканы, PhD., профессор Күршад Гүлбейаз, окутуучулар жана студенттер катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө сөз сүйлөгөн Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин проректору, PhD., профессор Режаи Доган эбру искусствосунун маанисин баса белгилеп, “Бул иш-чара түрк дүйнөсүнүн биримдигине жол ачкан маанилүү кадам. Бир тарыхтан чыккан элбиз жана бул байланышта тилдин жана жалпы алфавиттин мааниси абдан чоң. Биздин максаттарыбыз бирдей экенин дагы бир жолу көрдүк”, – деди. PhD., профессор Доган ушул сыяктуу иш-чараларга окуу жайыбыз ар дайым колдоо көрсөтүүгө даяр экенин кошумчалады.
Эбру чебери Хикмет Барутчугил сөзүн иш-чаранын уюштуруучуларына ыраазычылык билдирүү менен баштап, буларга токтолду: “Искусство - чексиз сулуулукту, эстетиканы жана түстөрдүн кооздугун камтыйт. Андан башка эч кандай чек жок – тилге, расага, кесипке карабайт. Ошондуктан искусство ар бир адамга жетет. Эмгектин көлөмүн дагы да көбөйтөлү, келечекке багытталган биримдикти арттыралы!”
Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин билим берүү боюнча кеңешчиси Күршад Дулкадир: “Мындай иш-чараларды жана долбоорлорду өнүктүрүү менен түрк дүйнөсүнө чоң салым кошууну көздөйбүз. Бул жаатта Кыргыз-Түрк “Манас” университети, “Анадолу” Кыргыз-Түрк кыздар кесиптик лицейи жана башка түрк окуу жайлары тынымсыз иш алып барышууда”, - деди.
Иш-чаранын жүрүшүндө студенттердин аткаруусунда жаңырган түрк элдик ырлары жана бийлер көпчүлүктүн көңүлүнөн түнөк таап, түрк маданиятынын байлыгын чагылдырды.
Haberin Fotoğrafları:
https://www.instagram.com/manasuniv/p/DDHHJM-tNrY/
Instagram:
https://www.instagram.com/manasuniv/reel/DDHPNwnNX_N/
Manas TV'nin Haberi: