“Манас” университетинде 40 программаны аккредитациялоо боюнча даярдыктар башталды


  • 2024-12-05

2024-жылдын 3-декабрында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректорлук жыйындар залында 2024-2025-окуу жылындагы аккредитациялоо процесстери боюнча маалымат жыйыны  болуп өттү.

Жыйынга декандар, мүдүрлөр, институттун жана факультеттердин катчылары, административдик бөлүмдөрдүн башчылары менен ички текшерүү комиссиясынын мүчөлөрү катышты.

Маалымат  жыйынында 2024-2025-окуу жылындагы 29 бакалавр, 7 магистратура жана 4 докторантура (PhD) программа болуп, жалпы 40 программанын аккредитация сертификатынын мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу көз карандысыз аккредитация агенттиги тарабынан текшерилери кабарланды.

КТМУнун проректору, PhD., профессор Режаи Доган жыйындын ачылыш сөзүн сүйлөп,  аккредитациялоо процессинин маанисине көңүл бурду. Катышуучуларга аккредитациялоо иштери тууралуу жалпы маалымат берип, бул маанилүү процесс үчүн жооптуу болгондордун баары ийгиликтүү жыйынтыкка жетет деген ишеничин билдирди.

Жыйында КТМУнун проректору, PhD., профессор Камалбек Карымшаков аккредитациялоо процессинин этаптары тууралуу деталдуу презентация жасады. Текшерүү даярдыктары жана процессти башкаруунун маанилүүлүгүн баса белгилеген PhD., профессор Карымшаков бул иш абдан кылдаттык менен жүргүзүлүшү керектигин айтып өттү.

PhD., профессор Карымшаков презентациясында программага жооптуу болгондор өз кызматтарын аткарууда көңүл бурушу керек болгон маанилүү пункттарды деталдуу түрдө талдап чыгып, университеттин сапаттык стандарттарын сактоо жана мындан ары да жакшыртуу үчүн алдын ала көрүлүүчү чаралар боюнча сунуштарын берди. Проректор сөзүнүн аягында аккредитациялоо процесси ийгиликтүү болушу бардык тийиштүү бөлүмдөрдүн биргеликте жана кылдаттык менен иш алып баруусуна байланыштуу экенин белгиледи.

Жыйын катышуучулардын суроолоруна жооп берген интерактивдүү бөлүм менен аяктады.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/manasuniv/p/DDOifqothM1/?hl=en

    Социалдык медиада бөлүшүү