Түркия Республикасынын Президентине караштуу адам ресурстары кеңсесинин жетекчиси, доцент Салим Атайдан “Манас” университетинин студенттерине келечекке багыт берген семинар


  • 2024-12-10

Түркия Республикасынын Президентине караштуу адам ресурстары кеңсесинин жетекчиси, доцент Салим Атай 2024-жылдын 9-декабрында Кыргыз-Түрк “Манас” университетине келди.

7-декабрь күнү Бишкек шаарындагы “Hyatt Regency” мейманканасында өткөн TalentforBIZ карьералык иш-чарасынын алкагында Кыргызстанга келген Түркия Республикасынын Президентине караштуу адам ресурстары кеңсесинин жетекчиси, доцент Салим Атай КТМУнун студенттери менен жолугушуп, өзгөчө семинар өттү.

Доцент Атай алгач КТМУнун ректору, PhD., профессор Алпаслан Жейлан менен ректорлук кеңсесинде жолугуп, университеттин академиялык жетишкендиктери жана карьерага багытталган иш-чаралары тууралуу маалымат алды.

Андан соң экономика жана башкаруу факультетинин менеджмент бөлүмүнүн 1-курсунун студенттери менен жолугушту.

Семинарга ректор, PhD.,  профессор Алпаслан Жейлан, проректорлор PhD.,  профессор Режаи Доган жана PhD., профессор Камалбек Карымшаков, Карьераны өнүктүрүү кеңсесинин координатору, доцент Сейил Нажимудинова жана студенттер катышты.

Доцент Салим Атай студенттерге карьералык максаттарын туура аныктоо, дисциплиналык окуу пландарын түзүү жана максатка жетүү жолунда стратегиялык кадамдарды жасоонун маанилүүлүгү тууралуу кеңештерин берди. Атай бакалавриаттык билим берүү процесси жеке жана профессионалдык өнүгүү үчүн маанилүү учур экенин белгилеп, бул процессте алынган тажрыйбалар карьералык сапарда аныктоочу роль ойной турганын айтып, “Туура убакытта жасалган кадамдар келечектеги ийгиликтердин негизин түзөт”,  – деди.

“Манас” университетинен дүйнөгө ачылган эшик

Түркия Республикасынын Президентине караштуу адам ресурстары кеңсеси тарабынан координацияланган улуттук практика программасы тууралуу кеңири маалымат берген доцент Атай, бул программа университеттин студенттерине мамлекеттик жана жеке сектордо практикадан өтүү мүмкүнчүлүгүн бере турганын белгиледи. Программанын максаты катары бирдей мүмкүнчүлүк жана компетенттүүлүк принциптерине ылайык, жаштар окууну аяктаганга чейин иш тажрыйба топтоосуна жана ишке орношуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга шарт түзүү экенин айтты.

Мындан тышкары, улуттук жана эл аралык деңгээлде уюштурулган карьералык жарманкелерге катышуунун маанилүүлүгүн белгилеп, “Таланттар порталы” жана “Талант бардык жерде” сыяктуу аймактык карьералык жарманкелердин студенттер үчүн карьералык жолдо багыттоочу платформа болуп саналганын баса белгиледи. Түркиянын эл аралык деңгээлде таланттар борбору болуу көз карашынын алкагында жүргүзүлүп жаткан бул иштер жаштар үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүктөрдү сунуштап жатканын кошумчалады.

Доцент Салим Атай Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин аймактагы эл аралык билим берүү жана изилдөө стандарттарындагы жетишкендиктерине көңүл буруп, окуу жайдын QS дүйнөлүк университеттер рейтингине кирүүсү анын жогорку сапаттагы билим берүүсүнүн көрсөткүчү экенин айтты. Атай өз сөзүндө “Манас” университетинин академиялык жана профессионалдык жетишкендиктери менен аймак үчүн маанилүү модель экенин баса белгиледи.

Түркия-Кыргызстан кызматташтыгында жаңы кадам

Семинардын жабылыш сөзүн сүйлөгөн КТМУнун ректору, PhD., профессор Алпасан Жейлан доцент Салим Атайга ыраазычылык билдирди. Ректор, PhD., профессор Жейлан Түркия Республикасынын Президентине караштуу адам ресурстары кеңсеси тарабынан координацияланган улуттук практика программасынын алкагында “Манас” университетинин 3-4-курсунун студенттери да практика өтөө мүмкүнчүлүгүнө ээ боло турганын сүйүнчүлөдү.

Бул маанилүү программа КТМУнун студенттерине эл аралык карьералык мүмкүнчүлүктөрдү тартуулоо менен бирге Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы академиялык кызматташтыктын дагы да жакшырышына салым кошту.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/manasuniv/p/DDbTaXgtG6y/

    Социалдык медиада бөлүшүү