2024-жылдын 12-декабрында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин көркөм өнөр факультети тарабынан түрк дүйнөсүнүн залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 96 жылдыгына арналган “Айтматовдун көркөм дүйнөсү” аттуу эскерүү программасы уюштурулду.
Эскерүү программасына КТМУнун ректору, PhD., профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев, проректорлор PhD., профессор Режаи Доган жана PhD., профессор Камалбек Карымшаков, көркөм өнөр факультетинин деканы, PhD., профессор Күршат Гүлбейаз, окутуучулар жана студенттер катышты.
Иш-чара Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу даректүү тасманы көрсөтүү менен башталды. Тасмадан кийин КТМУнун көркөм өнөр факультетинин окутуучулары жана студенттери тарабынан даярдалган таасирдүү эпизоддор сахналаштырылды.
Чыңгыз Айтматовдун адабий мурасынан шыктануу менен даярдалган аткаруулар көрүүчүлөргө унутулгус жана эмоциялык учурларды тартуулады. Программанын өзгөчөлүү бөлүгү болгон көркөм окууда студенттер Айтматовдун чыгармаларынан тандалган үзүндүлөрдү чебер аткаруучулук менен көрсөтүштү.
Мындан тышкары, “Чыңгыз Айтматовду эскерүү”, “Аселим”, “Ысык-Көлдү сагынуу” жана “Ильястын ыры” сыяктуу ырлар музыка бөлүмүнүн окутуучулары жана студенттери тарабынан аткарылды.
Ошондой эле Айтматовдун “Ак кеме” атттуу чыгармасынан даярдалган театралдык көрсөтүү көрүүчүлөрдү өзгөчө кубантты.
Бул унутулгус аткаруулар Айтматовдун адабий жана чыгармачылык мурасына болгон терең урматты чагылдырып, катышуучулардын жогорку баасына татыды.
Программа эстеликке жамааттык сүрөткө түшүү менен жыйынтыкталды.
Haberin Fotoğrafları:
https://www.instagram.com/manasuniv/p/DDkPpYFt0t9/
Instagram:
https://www.instagram.com/manasuniv/reel/DDgfgjANrx4/
Manas TV'nin Haberi: