Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2024-жылдын 11-ноябрындагы №1675/1 буйругу менен Кыргыз-Түрк “Манас” университети туризм жана сервис багыттары боюнча базалык жогорку окуу жайы болуп бекитилген.
Жогорку кесиптик билим берүүдө 600100 сервис, 600200 туризм жана 600300 мейманкана иши багыттары боюнча окуу-методикалык бирикменин 1-отуруму 2024-жылдын 13-декабрында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде болуп өттү.
Окуу-методикалык бирикменин төрагасы, профессор Нуридин Кыдыралиев отурумдун ачылыш сөзүн сүйлөп, ОМБнын максаттары жана милдеттери жөнүндө билдирүү жасап, секциялык топтордун мүчөлөрү менен тааныштырды.
Отурумдун жүрүшүндө катышуучулар тарабынан билим берүү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылар (өзгөртүүлөр, толуктоолор), билим берүү мекемелери менен иш берүүчү уюмдардын өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.
Жыйындын катышуучулары жогоруда аталган кесиптик багыттар боюнча түзүлүүчү билим берүү стандарттарынын жаңыланган долбоорун иштеп чыгуу графигин талкуулашты.
Туризмге академиялык лидерлик
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин жетекчилиги астында жүргүзүлгөн бул иш-аракеттер Кыргызстанда туризм тармагындагы жогорку билим берүү стандарттарын жаңылоодо жана анын сектор менен интеграциясын камсыздоодо маанилүү кадам катары бааланды. Билим берүү менен сектордун ортосундагы байланышты бекемдөөнү максат кылган бул демилге Кыргызстандын туризм секторуна керектүү квалификациялуу адам ресурстарын даярдоого чоң салым кошмокчу.
Haberin Fotoğrafları:
https://www.instagram.com/p/DDrC10GNySZ/?igsh=MXhtcWZjZ295bnQ0ag==