“Манас” университетинде Мевлананын даанышмандык дүйнөсүнө саякат


  • 2024-12-18

Кыргыз-Түрк “Манас” университети Стамбул Мейдан Мешклери ассамблеясы менен биргеликте Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин колдоосунда уюштурган “Бүгүнкү күндө Азирети Мевлананы түшүнүү” аттуу семинар 2024-жылдын 10-декабрында конгресс жана маданият борборунда өткөрүлдү. Мевлана Жалал ад-Дин Руминин 751-жылдыгына карата өткөрүлгөн маңыздуу иш-чара руханий жана акылманмандыкка толгон атмосферада катышуучуларга уникалдуу тажрыйба тартуулады.

Иш-чарага Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, PhD., профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев, проректорлор PhD.,  профессор Режаи Доган жана PhD., профессор Камалбек Карымшаков менен бирге Азербайжан Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлдөрү, Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин билим берүү боюнча кеңешчиси Күршад Дулкадир, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Бишкектеги өкүлү Тахир Осман Тахир, окутуучулар, коноктор жана студенттер катышты.

КТМУнун биринчи проректору, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев бүгүнкү күндө мындай сабактарга жана таалимдерге муктаждык бар экенин айтып, иш-чаранын маанилүүлүгүн белгилеп, “Азыр дүйнөгө көз чаптыра турган болсок, кайсы гана булуң-бурчун карабайлы, согуш, талаш-тартыш жана конфликттер болуп жатат. Ушулардын баары эмнеден чыгып жатат, алардын башында ким турат? Адам, инсан турат. Эгерде ар бирибиз өзүбүздүн үстүбүздөн иштесек, ар бирибиз өзүбүздүн жан дүйнөбүзгө көңүл бурсак, тарбияласак, биз дагы кандайдыр бир деңгээлде тынчтыкта, бейпилдикте талашсыз, конфликтсиз жашайт элек”, – деди.

2007-жылы ЮНЕСКО Жалал ад-Дин Руми Мевлананын туулган күнүн белгилеп жатып,  улуу гуманист даңазалап тараткан баалуулуктар ЮНЕСКОнун баалуулуктарына дал келет деп дүйнө жүзүнө жар салганын айткан Ибраев кайсы динде, улутта жана көз карашта болбосун, алардын бири тынчтыкка чакыруу экенин белгиледи.

Биринчи проректор семинардын университеттин эл аралык структурасына да кошкон салымы тууралуу буларга токтолду: “Биздин университеттин өзгөчөлүгү – бир гана Кыргызстан менен чектелбестен, Түркиядан атайын белгилүү инсандар менен иш алып барганы, алардын окуу жайыбызга келип тажрыйбасы, билими менен бөлүшүп жатканы. Биздин жүрүм-турумубуз,  адеп-ахлагыбыз өзгөрсө, анда бүгүнкү семинардан бир аз да болсо пайда алган болобуз деп эсептейм.”

Ибраев сөзүн “Манас” университетине тажрыйбасы, билими менен бөлүшүү максатында атайын убактысын бөлүп келген Фатих Чытлакка ыраазычылык билдирүү менен жыйынтыктады.   

КТМУнун ректору, PhD., профессор Алпаслан Жейлан сөзүн Азирети Мевлананын идеясына жана акылмандык дүйнөсүнө кайрылуу менен баштады.

Ректор, PhD., профессор Алпаслан Жейлан өз сөзүндө Азирети Мевлананын маданий жана руханий баалуулугуна көңүл буруп, “Мевлана – түрк жана ислам цивилизациясынын эң көрүнүктүү инсандарынын бири. Аны түрк жана ислам чөйрөсүнөн чыгарууга аракет кылгандар болсо да, Мевлананын ой-пикирлери жана акылмандыктары – түп тамыры менен түрк жана исламга байланыштуу”, – деди.

“Манас” университети түптөлгөндөн бери Азирети Мевлананын дүйнөдөн кайткан күнүнө туш келген 17-декабрдан алдын жана андан кийин Шеб-и Арус рухуна ылайыктуу иш-чараларды өткөрүп келгенин белгилеген PhD., профессор Жейлан бул иш-чаралар аркылуу Мевлананы ар тараптан таанытууну жана анын терең философиясын бүгүнкү күндөгү адамдарга жеткирүү максатын көздөгөндөрүн билдирди.

“Биздин максат – Мевлана жалгыз гана Анадолунун эмес, Түркстандын да Мевланасы экенин эске салуу жана анын терең философиясын бүгүнкү күндөгү адамдарга жеткирүү”, – деген PhD., профессор Жейлан “Манас” университетинин түрк маданиятын жана баалуулуктарын түрк дүйнөсүнүн эң алыскы аймактарына чейин жеткирүү миссиясын баса белгиледи.

Бул алкакта поэзия, театр, дил баян, эссе жазуу жана сема зикири сыяктуу маданий иш-чаралар менен бирге радио жана телеканалдын программалары аркылуу Мевлананын философиясы ар тараптан каралып жатканын белгиледи. Ректор, PhD., профессор Жейлан  университетке келип, өз билими жана тажрыйбасы менен бөлүшкөн М. Фатих Чытлакка ыраазычылыгын билдирүү менен сөзүн жыйынтыктады.

Мевлана жана суфизмдин тереңдигине саякат

Семинардын биринчи бөлүгүндө постнишин М. Фатих Чытлак угармандарды Мевлананын руханий дүйнөсү менен тааныштырды. Ал Мевлананын универсалдык үйрөтүүлөрүн жана Мевлевийлик салтынын негизги тармактарын таасирдүү тил менен баяндап, угармандарга суфизмдин тереңдигин түшүндүрдү.

Мевлананын адамзатка жол көрсөтүүчү универсалдуу билдирүүлөрүн жеткирген Чытлак суфизм тарбиясы жана адамдын өзүн изилдөөгө багытталган саякаты тууралуу таасирдүү бир перспективаны ачып берди. Презентацияда өзгөчө “акыл-салим”, “зевк-салим”, “калб-салим” жана “шевк-салим” түшүнүктөрү айтылды. Бул түшүнүктөрдүн заманбап адамдын жашоосундагы маанисин көптөгөн мисалдар менен түшүндүрүп, угармандардын аң-сезимин ойготуп, Мевлананын билдирүүлөрү бүгүнкү күндө кандай жол көрсөткүч болуп жатканын жеткирүүгө аракет кылды. Мындан тышкары, суфизм тарбиясынын адамга канчалык жарык бере аларын баса белгилеген бул презентация семинарга катышкан бардык адамдарга унутулгус таасир калтырды.

Семинардын экинчи бөлүгүндө М. Фатих Чытлак суфизм музыкасы жана Мевлевий ритуалдары боюнча бай баяндамасы менен катышуучуларга унутулгус тажрыйба тартуулады. Чытлак “кудум” аспабынын суфизмдеги ордун түшүндүрүп, бул эски аспаптын адамдын руханий саякатындагы символикалык маанисин угармандар менен бөлүштү.

Андан соң, Чытлак “ней” аспабынын маанисине токтолуп, анын ааламдын үнүн жеткирген бир символ экенин баса белгиледи.

Сема зикири: Аллага болгон махабаттын ритмикалык саякаты

Иш-чаранын аягында сахнага чыккан семазен менен бирге Мевлананын үйрөтүүлөрүнүн негизинде Мевлевийлик салтынын эң таасирдүү ритуалы болгон сема зикири катышуучуларга таанытылды. Постнишин Чытлак семазендердин кийимдеринен ритмикалык кыймылдарына чейин деталдуу түрдө түшүндүрүп, бул мистикалык ритуалдын терең руханий маанисин көрүүчүлөр менен бөлүштү. “Сема жөн гана асман дегенди билдирбейт; сема – Аллага болгон сүйүүсүн жүрөгүндө сезген жана ушул махабат менен ордунда тура албаган адамдарга берилген “Мен сенден ыраазымын” деген билдирүү”, – деп семанын терең жана руханий маанисине көңүл бурду.

Тарыхый жана руханий жактан бай иш-чараны өткөргөн М. Фатих Чытлак катышуучулардын купулуна толду.

Иш-чара гүл тапшыруу жана жамааттык эстеликке сүрөткө түшүү менен аяктады.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/manasuniv/p/DDtvFzjNSj7/

Instagram:

https://www.instagram.com/manasuniv/reel/DDuLgHbNLCw/

Manas TV'nin Konferans Yayını:

https://youtu.be/3ZyxS_Dl-pY?feature=shared

Manas TV'nin Haberi:

https://youtu.be/EGLH8TXlBLA?feature=shared

Mehmet Fatih Çıtlak İle Manas TV Programı:

https://youtu.be/raFIT7Oofdc?feature=shared

    Социалдык медиада бөлүшүү