Маданияттар аралык жолугушуу: Орхун программасынын студенттери КТМУда


  • 2024-12-24

2024-жылдын 20-декабрында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин проректору, PhD., профессор Режаи Доган Орхун алмашуу программасы жана эки тараптуу кызматташтык келишиминин алкагында окуу жайыбызга келген студенттер менен жолугушту.

Жолугушууда студенттер өздөрүн тааныштырып, “Манас” университети тарабынан берилген мүмкүнчүлүктөр үчүн жетекчиликке ыраазычылык билдирүү менен окуу жайда алган тажрыйбалары жеке өнүгүүгө жана академиялык жашоого чоң салым кошконун белгилешти.

Проректор, PhD., профессор Режаи Доган студенттерге кайрылып, “Жергиликтүүнү түшүнүү жана өздүгүн жергиликтүүлөрдөн алуу абдан маанилүү. Бул адамдын бир гана өзүн таануусу эмес, ошол эле учурда маданиятына жана тарыхына ээлик кылуусу дегенди билдирет”, – деп, маанилүү сөздөр менен бөлүштү. “Манас” университети ар түрдүү тилдерди, маданияттарды жана дүйнөнү таанып билүүгө мүмкүнчүлүк берген окуу жай экенин баса белгилеген PhD., профессор Доган: “КТМУда билим алган ар бир студент түрдүү көз караштарга ээ болуу менен дүйнөнү кененирээк изилдөө мүмкүнчүлүгүнө ээ”, – деди.

КТМУнун тышкы байланыштар бюросунун директору, док.  Кадри Акгүн программанын алкагында университетке келген студенттерге ийгиликтерди каалап, алардын алган билими карьераларына жана келечектеги максаттарына чоң салым кошоруна ишенерин билдирди.

Андан соң Орхун алмашуу программасы жана эки тараптуу кызматташтык келишиминин алкагында окуу жайыбызга келген студенттерге сертификаттар ыйгарылды.

Жолугушуу жамааттык эстеликке сүрөткө түшүү менен соңуна чыкты.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/DD9O0NEtoKm/?igsh=MXBvdHV3bHBiaWFnMQ==

    Социалдык медиада бөлүшүү