Үстүбүздөгү жылдын 23-декабрында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, PhD., профессор Алпаслан Жейлан жана биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев “Жылдын мыкты мугалими–2024” республикалык сынагында ийгиликке жеткен тарых бөлүмүнүн магистранттарын ректорлук макамында тосуп алышты.
Аталган сынакта окуу жайыбыздын тарых бөлүмүнүн магистратура программасынын бүтүрүүчүсү, учурда Бишкек шаарындагы № 97 жалпы орто билим берүү мектебинде окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары катары эмгектенип жаткан Алдияр Ашырбековго КР Билим берүү жана илим министрлигинин “Билим берүүнүн мыктысы”, “Жылдын мыкты мугалими” төш белгилери, ардак грамота жана акчалай сыйлык менен сыйланган. Ал эми тарых багытынын магистранты, учурда Бишкек шаарындагы №94 жалпы орто билим берүү мектебинин тарых мугалими болуп иштеп жаткан Курманбек Хайдаров “Жылдын мыкты тарых мугалими” номинациясына жана акчалай сыйлыкка ээ болгон.
Жолугушуунун жүрүшүндө PhD., профессор Жейлан жана саясий и.к., доцент Ибраев байгелүү орундарга ээ болгон магистранттарды куттуктап, академиялык жана кесиптик жолунда ийгиликтерди каалап, белектерди ыйгарышты.
Ашырбеков жана Хайдаров КТМУнун күчтүү академиялык колдоосу жана анын көрүнүктүү профессордук-окутуучулук курамы алардын жетишкендиктеринин негизи экенин баса белгилешип, окуу жайга терең ыраазычылык билдиришти.
Белгилей кетсек, аталган сынак алдыңкы педагогикалык идеяларды жайылтуу, заманбап билим берүү технологияларын жана методикаларын пайдалануу боюнча натыйжалуу практикага ээ таланттуу, чыгармачыл педагогдорду аныктоо максатында уюштурулган.
Haberin Fotoğrafları: