Үстүбүздөгү жылдын 25-декабрында “Кыргыз Туусу” басма үйүнүн 100 жылдыгына карата уюштурулган “Жыл мыктылары” конкурсунун жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү.
Эки элдин ортосундагы достукту чыңдоого кошкон салымы, кыргыз жана түрк тилинин салыштырма грамматикасы багытындагы монографиясы, жалпы лингвистика, лингвомаданият таануу жана стилистика боюнча эмгектери үчүн КТМУнун гуманитардык факультетинин синхрондук котормо бөлүмүнүн кыргызча-түркчө программасынын окутуучусу, доц.м.а.док. Сердар Дагыстан “Жылдын мыкты окумуштуусу” диплому менен сыйланды. Ошондой эле өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы жана жигердүү эмгеги үчүн ага “Жылдын мыктысы” медалы тапшырылды.
Haberin Fotoğrafları: