2024-жылдын 27-декабрында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин чамгарагында “Кыргыз улуттук маданиятын негиздөөчүсү Касым Тыныстан уулу жана түрк дүйнөсүндөгү репрессия” аттуу маңыздуу илимий жыйын уюштурулду.
Аталган өзгөчө иш-чаранын алкагында КТМУнун биринчи проректору, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев жана проректор, PhD., профессор Режаи Доган түрк дүйнөсүнүн орток маданиятына, цивилизациясына жана тарыхына кошкон баалуу салымы үчүн Түрк маданиятынын эл аралык уюму тарабынан ТҮРКСОЙдун медалы менен сыйланышты.
Сыйлык тапшыруу аземине катышкан ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раев түрк маданиятына жана биримдигине болгон байланыштардын белгиси катары бул престиждүү медалдарды тапшырды.
Haberin Fotoğrafları:
https://www.instagram.com/p/DEKHgPDNeYb/?utm_source=ig_web_copy_link