Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, PhD., профессор Алпаслан Жейлан 2024-жылдын 27-декабрында Түркиянын университеттерине иш сапары менен барып, кызматташтык келишимдерине кол койду.
Ректор, PhD., профессор Жейлан Стамбул Черрахпаша университетинин ректору, PhD., профессор Нури Айдын менен жолугушуп, анда эки мекеме ортосундагы кызматташтыктын маанисине басым жасады. Ректорлор КТМУ жана Черрахпаша университети ортосундагы кызматташтык келишимине кол коюшту.
Андан кийин PhD., профессор Жейлан Йылдыз техникалык университетине барып, ректор, PhD., профессор Ейүп Дебик менен жолукту. Жолугушуунун жүрүшүндө эки мекеме ортосундагы академиялык кызматташтык боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.
Университеттер аралык орток изилдөө долбоорлор, семинарлар, академиялык кызматкерлер жана студент алмашуу программалары сыяктуу көптөгөн тармактарда кызматташтыктын пайдубалын түптөгөн PhD., профессор Жейландын бул жолугушуулары илимий жана маданий жактан да чоң мааниге ээ.
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин бул аракети менен эл аралык академиялык кызматташтык стратегиясынын маанилүү бир бөлүгү катары университеттин өнүгүүсүнө чоң салым кошот. Университеттер ортосунда түзүлгөн бул кызматташтыктар илимий тармакта гана эмес, маданий жана социалдык өз ара аракеттенүүдө да бекем көпүрө түзөөрү күтүлүүдө.
Haberin Fotoğrafları: