“Манас” радиосунун “Тарых жолу” уктуруусунун кезектеги чыгарылышынын коногу Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин биринчи проректору, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев болду.
2024-жылдын 27-декабрындагы маектин жүрүшүндө биринчи проректор Ибраев Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түптөлүү тарыхы, кыргыз мамлекеттүүлүгүн кайра калыбына келтирүүнү көздөп, улуттук кызыкчылык үчүн бул тарыхый процессте жанын аябаган кыргыздын каймактары жана өлкөдө 100 жылдыктын алкагында өткөрүлүп жаткан иш-чаралар туурасында ой бөлүштү.
Өтүп бараткан жыл кыргыз эли, жалпы Кыргызстан үчүн өзгөчө жылдардан болгонун айткан биринчи проректор буларга токтолду: “Анткени мамлекеттүүлүгүбүзгө бир кылым болгонун белгилеп жатабыз. Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде да 100 жылдыктын алкагында бир катар иш-чаралар уюштурулду. Мындан ары да улана бермекчи.”
Cаясий и.к., доцент Ибраев өз сөзүндө кыргыз тилинин, “Манас” эпосунун жана улуттук баалуулуктардын маанисине көңүл буруп, угармандарга кайрылуусунда мындай деди: “Тарыхыбызды сактап, мындан ары дагы улансын дей турган болсок, улут катары келечегибизди ойлонолу, каада салтыбызды сактайлы!”
Белгилей кетсек, аталган уктуруу Кара-Кыргыз Автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналып, тарыхчылар жана агартуучулар эфирге келип, кызыктуу маектерин тартуулап келишет. Уктуруу Кыргызстандын тарыхындагы маанилүү мезгилге жарык чачуу менен бирге, келечекке багытталган баалуулуктарды сактоонун маанилүүлүгүн дагы бир жолу эске салды.
Haberin Fotoğrafları:
https://www.instagram.com/p/DEMwgQmNLvT/?igsh=MXIzdHdsdzFveHdmNw==