Үстүбүздөгү жылдын 25-декабрында “Кыргыз Туусу” басма үйүнүн 100 жылдыгына карата уюштурулган “Жыл мыктылары” конкурсунун жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү.
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, PhD., профессор Алпаслан Жейлан чет өлкөдө болгондуктан аземге КТМУнун атынан проректор, PhD., профессор Режаи Доган катышты. Сыйлык тапшыруу аземи PhD., профессор Доган менен катар билим берүү, саясат, маданият жана медиа сыяктуу бир катар тармактардын өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.
Салтанаттуу иш-чарада өлкөнүн руханий-маданий, гуманитардык жактан өнүгүшүнө кошкон зор салымы жана билим берүү тармагындагы жетишкендиктери үчүн Билим берүүнүн флагманы, Кыргыз-Түрк “Манас” университети “Кыргыз Бренди” номинациясына ээ болду.
КТМУга берилген “Кыргыз Бренди” сыйлыгын проректор, PhD., профессор Режаи Доган ректор, PhD., профессор Алпаслан Жейландын ордуна алды.
“Кыргыз Туусу” гезитине берген маегинде проректор, PhD., профессор Режаи Доган Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин аркасында Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда бир туугандык жана достук байланыштар түзүлгөнүн белгилеп, буларга токтолду: “Бул достук мамилелер билим берүү тармагында маанилүү өнүгүүлөргө себеп болду. “Манас” университети бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда гана эмес, түрк дүйнөсү арасында да достук көпүрөлөрдүн түптөлүшүндө абдан маанилүү милдетти жана жоопкерчиликти аткарат.”
“Айрыкча, “Кыргыз Туусу” гезити аркылуу алганыбыз да бул сыйлыктын баасын дагы, маанисин дагы арттырат”, – деген проректор “Манас” университети мындан ары да берилгендик менен Кыргызстан жана түрк дүйнөсү үчүн кызмат кыла берерин белгиледи.
Кыргыз-Түрк “Манас” университети алган бул маанилүү сыйлык билим берүү жана маданият тармагындагы алдыңкы ролун бекемдеп, Борбор Азиянын жаркыраган жылдызы экенин дагы бир жолу далилдеди.
Haberin Fotoğrafları:
https://www.instagram.com/p/DEM0iKANMdn/?igsh=MWs4cW5xamJxMXZ3MA==
Instagram:
https://www.instagram.com/reel/DEM1ggBt5Hw/?igsh=MWw0ZWY5cGVsMXVndQ==