Азиянын алдыңкы университети – “Манас”


  • 2024-12-31

Эл аралык рейтингдерде тынымсыз жогорку көрсөткүчтөрдү жаратып келе жаткан Кыргыз-Түрк “Манас” университети (КТМУ) 2025-жылы QS Борбордук Азия рейтингинде 10-орунду, QS Азия рейтингинде 230-орунду ээлеп, QS Туруктуулук рейтингине кирген Кыргызстандын алгачкы жана жалгыз университети болду. 

Эл аралык деңгээлдеги тарыхый ийгиликтер

Акыркы беш жыл ичинде жүргүзүлгөн үзгүлтүксүз аракеттердин натыйжасында КТМУ эл аралык деңгээлге чыгууда окуу жайдын тарыхындагы эң чоң ийгиликтерди багындырды. Бул жетишкендиктерге университеттин академиялык жана иш берүүчүлөр арасындагы кадыр-баркынын жогорулашы, факультет/студент катышынын жогорулашы, ар бир окутуучунун илимий шилтемелеринин көбөйүшү, эл аралык окутуучулардын жана студенттердин пайыздык көрсөткүчтөрүнүн өсүшү чоң таасир этти. КТМУ академиялык мыктылыгы, изилдөө иштери жана эл аралык деңгээлде таанымалдыгы менен өзүнүн көрүнүктүүлүгүн бир кыйла арттырды.

Туруктуулукта лидерлик

КТМУ академиялык ийгиликтеринен сырткары, туруктуулук жаатында да чоң ийгиликтерге жетишип, өлкөдө алдыңкы ЖОЖго айланды. Университет экологиялык таасир, социалдык таасир жана башкаруу ченемдеринде мыкты көрсөткүчтөрдү камсыздап, QS Туруктуулук рейтингинде орун алган Кыргызстандын алгачкы жана жалгыз университети катары таанылды.

Дүйнөлүк брендге айлануу максаты/багыты 

Эл аралык абройлуу QS рейтингинде үч жыл катары менен дүйнөнүн эң мыкты 1000 университетинин катарына кирген, QSтин 4 жылдыздуу университеттери арасына кошулган, Азия боюнча QS рейтингинде 230-орунга, Борбордук Азия рейтингинде 10-орунга көтөрүлгөн, туруктуулук жаатында Кыргызстандын лидери деп табылган, заманбап тилдерди окутуу тармагында дүйнөнүн мыкты университеттери катарында орун алган жана Times Higher Education рейтингинде жогорку саптарды ээлеген КТМУ, эл аралык жетишкендиктери менен Кыргызстандын жогорку билим берүү тармагын алгачкы жолу дүйнөлүк платформага алып чыкты. Университет өзүнүн "дүйнөлүк бренд" болуу максатына тездик менен жакындап баратат.

Ишенимди актаган университет 

Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган менен Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун көздүн карегиндей баалаган жана өзгөчө көңүл бурган “Манас” университети, эки мамлекеттин чоң колдоосуна таянып, эл аралык деңгээлде жогорку жетишкендиктерге жетүү менен негиздөөчүлөрдүн жана түрк дүйнөсүнүн көрсөткөн ишенимин актады.

Президент Режеп Тайып Эрдогандын “дүйнөлүк бренд болуу” деп мүнөздөгөн көрөгөчтүк максатына жетүүнү көздөгөн КТМУ, аймактагы лидерлик жана атаандаштык артыкчылыктарын көрсөтүү менен дүйнөлүк деңгээлде алдыңкы университет болууга толук мүмкүнчүлүк бар экенин далилдеди. Бул жетишкендиктери менен КТМУ Кыргызстандын жана аймактын жогорку билим берүү тармагындагы эң алдыңкы жана абройлуу окуу жайына айланды.

''Манас'' ТВ

https://youtu.be/f7xVU5QRLZE

 

    Социалдык медиада бөлүшүү