Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору “Business Türk” журналынын атайын санында университетти таанытты


  • 2025-01-09

Түрк дүйнөсүнүн бизнес, экономика жана башкаруу боюнча журналынын Кыргызстанга арналган атайын санында, КТМУ ректорунун окуу жайдын ишмердүүлүгү тууралуу макаласы жарык көрдү.

Бул жылы Кыргызстандын, Түрк мамлекеттер уюмуна төрагалык кылуу мөөнөтү жарыяланган. Буга байланыштуу “Business Türk” журналынын 2025-жылдагы алгачкы атайын Кыргызстанга арналган чыгарылышында, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин түзүлүшү, башкаруусу, окутуу тили, факультеттери , интеллектуалдык капиталы, студенттери, бүтүрүүчүлөрү, инфраструктурасы жана эл аралык жетишкендиктери тууралуу окуу жайдын ректору профессор Алпаслан Жейлан кенен маалымат берди.

Ректор профессор Жейлан, 21-кылым “Түрк дүйнөсүнүн доору” болушуна салым кошкон, Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы чоң жана маанилүүү долбоор болуп, Түрк дүйнөсүнүн жаштарынын билим уясына айланган “Манас” университети, замандын талабына ылайык иш алып барып, Түрк дүйнөсүнүн биримдигине кызмат кыла турган, илимпоз, учурдун талабына жооп берген, көрөгөчтүк менен ааламдашуу алкагында атаандаштыкка ат салыша алган мекенчил, ар тараптуу кесипкөй дасыккан адистерди даярдоого аракет кылабыз”, - деди.

Журналдын атайын санында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетовдун “Улуу Байтерек: Түрк дүйнөсү – чоң чынардын тамыры терең бутактары” аттуу баш макаласы жазылып, журнал кыргыз жана түрк тилдеринде жарык көргөн.

“Business Türk” журналынын Кыргызстанга арналган атайын саны, мамлекеттик жетекчилерге, ишкерлерге, медиа мекемелерине жана ошондой эле университеттерге таратылды.

 

https://manas.edu.kg/upload/43.pdf

    Социалдык медиада бөлүшүү