“Манас” университети билим берүүдө өзгөрүүнүн жана трансформациянын сап башында турат


  • 2025-01-22

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Үзгүлтүксүз билим берүү борбору тарабынан 2025-жылдын 21-24-январь күндөрү окутуучуларга багытталган “Билим берүүдө заманбап ыкмалар” аттуу педагогдордун квалификациясын жогорулатуу курстарынын ачылыш отуруму Касым Тыныстанов атындагы жыйындар залында өткөрүлдү.

Программага КТМУнун ректору, PhD., профессор Алпаслан Жейлан, проректор, PhD., профессор Камалбек Карымшаков, башкы катчы, PhD., профессор Исмет Алтынташ, Үзгүлтүксүз билим берүү борборунун төрагасы, доцент Эркан Эфилти жана окутуучулар катышты.

“Билим алуунун эрте-кечи жок”

Иш-чаранын ачылыш сөзүн сүйлөгөн ректор, PhD., профессор Алпаслан Жейлан мындай маанилүү окутуу программасынын уюштурулуп жатканына кубанычта экенин билдирди.

Академиялык кызматкердин дайыма өзүн өнүктүрүүсүнүн зарылдыгына көңүл бурган ректор, PhD., профессор Жейлан: “Билим берүүдө өзүн дайыма өнүктүрүп турган академиялык кызматкер университетти алдыга тартат”, - деди.

Муну менен катар билим берүү философиясынын негизги принциптерин баса белгилеген ректор сөзүн мындай деп улантты: “Билим алуунун эрте-кечи жок. Ар бир куракта жана ар бир деңгээлде билим алууну улантуу керек деп эсептейбиз. Анткени илимде токтоп калуу мүмкүн эмес. Дүйнө өнүгүп жатканда, биз да бул өзгөрүү жана трансформация процессине катышууга милдеттүүбүз.”

Мындан тышкары, КТМУнун билим жана илим тармагындагы ийгиликтери менен айырмаланып турганын айтып, “Университетти сиздер менен биргеликте сыймыктанып, мактана турган деңгээлге жеткирдик. “Манас” университети - дүйнөдөгү өзгөлөрдөн өзгөчө билим берүү мекемеси”, - деп сөзүн жыйынтыктады.

Билим берүүдө заманбап ыкмалар

Курстардын жүрүшүндө PhD., доц. Рита Исмаилова “Билим берүүдө технологиялардын жана жасалма интеллекттин колдонулушу”, п.и.к., профессор Миргүл Эсенгулова “Суроолор парадигмасынын өзгөчөлүктөрү”, п.и.к., доц. Жылдыз Асекова “Сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүүчү технологиялар”, PhD., профессор Эржан Йылмаз “Өлчөөдөгү жана баалоодогу жаңы ыкмалар”, PhD., профессор Мустафа Явуз “Заманбап билим берүүдө чыгармачыл жана жаңычыл ой жүгүртүү” темаларында офлайн жана онлайн окутууларды өтүшөт.

Билим берүүдөгү жаңы өнүгүүлөрдү көзөмөлдөө, технологияны пайдаланууга басым жасоо жана заманбап билим берүү ыкмалары жөнүндө маалымат алууга багытталган бул маанилүү окутуу программасы 2025-жылдын 24-январь күнү аяктайт.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/manasuniv/p/DFHsd8xNymi/?hl=en

    Социалдык медиада бөлүшүү