Кадрларды даярдоого “Кыргыз Куршевель” мамлекеттик ишканасы менен меморандум түзүлдү


  • 2025-02-06

Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Кыргыз Куршевель” мамлекеттик ишканасы менен Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.

2025-жылдын 4-февраль күнү ректорлук макамында өткөн кол коюу аземине “Кыргыз Куршевель” мамлекеттик ишканасынын директору Жаркынбек Максүтов, КТМУнун ректору, PhD., профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев, проректор, PhD., профессор Камалбек Карымшаков катышты.

“Үч чоку” долбоорунун алкагында “Кыргыз Куршевель” мамлекеттик ишканасы жана КТМУ тоо лыжа туризми үчүн кадрларды даярдоо, аларды окутуу, квалификациясын жогорулатуу жана тоо лыжа кластери үчүн жергиликтүү адистерди тартуу боюнча келишимге кол коюшту.

Тараптар тоо лыжа туризми боюнча кесиптик жөндөмдөрдү өнүктүрүүгө, курорттук инфраструктураны башкаруу жаатындагы эл аралык стандарттарды ишке ашырууга жана туристтик тармактын учурдагы талаптарына ылайык билим берүү программаларын ишке киргизүүгө багытталган биргелешкен иш-чараларды өткөрүү, стажировкаларды, академиялык алмашууларды жана чет элдик адистерди билим берүү процесстерине тартуу тууралуу макулдашышты.

Белгилей кетсек, “Үч чоку” долбоору — Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан ири тоо лыжа кластери болуп, өлкөнү эл аралык деңгээлдеги тоо лыжа туризминин борборуна айлантууга багытталган.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/DFuESAjtilO/?igsh=MTBpOXU3Y2t4emxjYg==

    Социалдык медиада бөлүшүү