Китепкөй студентке ректор, PhD., профессор Жейландан белек


  • 2025-02-10

2025-жылдын 10-февралында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин чет тилдер жогорку мектебинин даярдоо бөлүмүнүн студенттери арасында Самара Абдукаликова эң көп китеп окуган студент деп табылды.

Китеп окууга болгон кызыгууну арттыруу максатында уюштурулган сыйлоонун алкагында Самара Абдукаликова ректор, PhD., профессор Алпаслан Жейлан тарабынан атайын белектер менен сыйланды.

Белектерди тапшыруу учурунда китеп окуунун маанилүүлүгүн баса белгилеген ректор Жейлан Түркиядагы өзүнүн бардык китептерин университетке тартуулаганын айтты. “Китеп окуу — адамдын интеллектуалдык өнүгүүсүнө чоң салым кошот. Китеп окубай туруп илим адамы болуу, мугалим болуу мүмкүн эмес”, — деп, студенттерди дагы көп китеп окууга чакырды.

PhD., профессор Жейлан китепкөй студент Абдукаликованы куттуктап, анын алдыда дагы көп китеп окуп, билимин тереңдетүүсүн каалады.

Мындан тышкары, ректор даярдоо курсунун студенттери менен жолугуп, алардын ой-пикирлерин жана талаптарын укту. Достук маанайда өткөн жолугушууда студенттер менен баарлашкан PhD., профессор университет жетекчилиги катары студенттерге ар дайым колдоо көрсөтүшөрүн баса белгиледи.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/DF43tQUN9xa/?igsh=MXM1dTVpZzFmb2NtZg==

Instagram:

https://www.instagram.com/reel/DF42mHatGIk/?igsh=MjUzdnUya2xyamtj

Manas TV'nin Haberi:

https://youtu.be/mQYKA_2I7Rw?feature=shared

    Социалдык медиада бөлүшүү