Биринчи проректор Ибраев Кыргызстандын жана Россиянын университеттеринин ректорлорунун Эл аралык илимий конференциясына катышты


  • 2025-02-15

2025-жылдын 13-февралында Мифтахетдин Акмулла атындагы Башкыр мамлекеттик педагогикалык университетинин базасында Кыргызстандын жана Россиянын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун Эл аралык илимий конференциясы өз ишин баштады. Ага Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин биринчи проректору, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев, боордош мамлекеттердин ири университеттеринин жана Россиянын алдыңкы педагогикалык жогорку окуу жайларынын жетекчилери катышты.

Конференция аталган окуу жайдын институттарынын жана факульттеринин инфраструктурасы менен таанышуу,  билим берүү жана илимий мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат алуу менен башталды. Катышуучулар аудиторияларды, лабораторияларды жана устаканаларды кызыгуу менен кыдырып, профессордук-окутуучулук курам менен баарлашышты.

Илимий иш-чарада биргелешкен билим берүү долбоорлорун Башкыр мамлекеттик педагогикалык университетинин базасында гана эмес, ошол эле учурда башка россиялык педагогикалык окуу жайларды да тартуу менен ишке ашыруу пландары талкууланды.

Синергетикалык эффект коюлган тапшырмаларды эффективдүү жол менен чечүүгө мүмкүнчүлүк берерин белгилеген биринчи проректор Ибраев буларга токтолду: “Биздин күч-аракеттерди бириктирип, адамдык жана гуманитардык байланыштарды бекемдөө менен билим берүү багытындагы долбоорлорду гана ишке ашырып тим болбостон, ошол эле учурда дүйнөнү жакшы жакка өзгөртө алаарыбызга ишенем.”

Мындан тышкары, эки тарапты тең кызыкдар кылган студенттер жана окутуучулар үчүн академиялык мобилдүүлүк маселеси да каралды. Кыргызстандын окуу жайларынын жетекчилери Россия университеттери менен биргелешкен билим берүү долбоорлорун ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилеп, рейтингдерди жогорулатуунун үстүнөн иштей тургандыктарын кошумчалашты.

Иш сапардын жүрүшүндө Кыргызстандан келген ректорлор Акмулла университетинде билим алып жаткан мекендештер менен жолугушушту. Студенттер аларга концерттик программа тартуулап, студенттик долбоорлор тууралуу айтып беришти.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/DGGP2DstHNY/?igsh=OTJnZ2szZHp6M3d

    Социалдык медиада бөлүшүү