Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин биринчи проректору, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев эл аралык илимий конференциянын алкагында үстүбүздөгү жылдын 12-15-февраль күндөрү Россия Федерациясына иш сапары менен барды.
Иш сапардын жүрүшүндө биринчи проректор “Заманбап чакырыктардын контекстинде Кыргызстандын жана Россиянын жогорку окуу жайларындагы актуалдуу көйгөйлөр” аттуу эл аралык илимий конференциянын негизги иш-чараларына катышты.
Илимий конференция Россия Федерациясынын Билим берүү министрлигинин Улуттук билим берүү тутумун интеграциялоо жана эл аралык кызматташтык департаментинин директору Усман Рассуханов, Дагестан, Оренбург, Омск, Тула, Волгоград педагогикалык жогорку окуу жайларынын жана Кыргызстандын университеттеринин ректорлорунун катышуусунда өттү. Анда Кыргызстандын орус тилдүү мектептериндеги педагогикалык кадрлардын негизги көйгөйлөрүн аныктоо боюнча мониторинг жүргүзүү аракеттери макулдашылды. Ошондой эле эки дипломдуу билим берүүнүн багыттарын аныктоо менен студенттер үчүн академиялык мобилдүүлүк мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Мындан тышкары, орус тилинде ачык билим берүү жана орус тилин окутуу боюнча борборлорду түзүү боюнча эки макулдашууга кол коюлду. Жаңы борборлор Баткен мамлекеттик университетинин базасында Кызыл-Кыяда жана Ош шаарындагы А. Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде түзүлмөкчү.
Эскерте кетсек, Мифтахетдин Акмулла атындагы Башкыр мамлекеттик педагогикалык университетинде 270 кыргызстандык студент билим алууда. Аталган ЖОЖ Россия Федерациясынын Агартуу министрлиги менен биргеликте орус тилинде ачык билим берүү жана орус тилин окутуу боюнча үч борбор ачты. Учурда университеттин 40тан ашуун студенти кыргыз мектептеринде практика өтөп жатышат.
Haberin Fotoğrafları: