2025-жылдын 19-февралында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректорлук жыйындар залында TS EN ISO 9001:2015 Сапатты башкаруу системасынын алкагында “2024-жылга карата ички текшерүү жана башкаруунун кайра кароо жыйыны” болуп өттү.
Жыйынга КТМУнун проректору, PhD., профессор Режаи Доган, башкы катчы жана Сапатты башкаруу системасынын өкүлү, PhD., профессор Исмет Алтынташ, Сапатты аткаруу комитетинин төрагасы, PhD., профессор Кадир Ардыч, сапатты башкаруу боюнча элчилер, түзүмдөрдүн жетекчилери, институт, факультет, чет тилдер жогорку мектеби жана кесиптик жогорку мектептин катчылары менен административдик бөлүмдөрдүн жетекчилери катышты.
Жыйында Сапатты аткаруу комитетинин төрагасы, PhD., профессор Кадир Ардыч 2024-жылдын декабрь айында жүргүзүлгөн ички аудиттин жыйынтыгы боюнча Сапатты башкаруу системасын эң мыкты колдонгон бөлүм катары китепкана жана иш кагаздар башкармалыгы аныкталганын билдирди. Мындай жетишкендиги үчүн башкармалыктын жетекчиси Максатбек Ынакбековго жана анын командасына проректор, PhD., профессор Режаи Доган тарабынан ыраазычылык баракчасы тапшырылды.
“Сапатты башкаруу системасы корпоративдик өнүгүү үчүн маанилүү”
Жыйындын ачылыш сөзүн сүйлөгөн проректор, PhD., профессор Режаи Доган сапатты башкаруунун жогорку окуу жайлардын концепциясын аныктоодогу жана өнүгүү процессин күчөтүүдөгү маанисин баса белгиледи. PhD., профессор Доган: “Сапатты башкаруу системасы биздин университеттин ийгиликке жетүүсүндө абдан маанилүү роль ойнойт. Бул процесске салым кошкон сапатты башкаруу өкүлүнө, сапатты аткаруу кеңешинин төрагасына, сапатты башкаруунун элчилерине жана бардык академиялык кызматкерлерге ыраазычылык билдирем”, - деп, корпоративдик биримдиктин маанисине көңүл бурду.
Башкы катчы жана Сапатты башкаруу системасынын өкүлү, PhD., профессор Исмет Алтынташ өз сөзүндө сапатты башкаруу системасы “Манас” университетин мындан ары да өнүктүрүүдө жол көрсөтүүчү экенин айтып, “Бул жолдо бизде чоң жоопкерчилик бар. Ар бирибиз дал ушул процессте колубуздан келишинче аракет кылабыз деп ишенем”, - деди.
Жыйында Сапатты аткаруу комитетинин төрагасы, PhD., профессор Кадир Ардыч сапатты башкаруу боюнча элчилерге 2024-жылга карата ички текшерүүнүн жыйынтыктары, документтештирүү органдарынын аудиттери, студенттердин жана кызматкерлердин кайтарым байланыштары, процесс жигердүүлүгү жана сапатка ылайык максаттардын абалы сыяктуу күн тартибиндеги пункттар боюнча деталдуу маалымат берди. Мындан тышкары, түзөтүүчү жана алдын алуу чаралары, стратегиялык план, корпоративдик баалоо отчеттору, кызматкерлерди окутуу программалары сыяктуу маселелер да кеңири талкууланды.
Күн тартибиндеги пункттарга ылайык жүргүзүлгөн талкууда сурамжылоонун жыйынтыктарынын анализи, жаңылануулар жана иш-аракеттерди жакшыртуу боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынды.
Жыйын Сапатты башкаруу системасынын туруктуулугун камсыз кылуу жана университеттин стратегиялык максаттарына жетүү үчүн аткарыла турган иш-аракеттерди аныктоо менен ийгиликтүү аяктады.
Haberin Fotoğrafları:
https://www.instagram.com/p/DGQ6i67tioo/?utm_source=ig_web_copy_link