КРнын Билим берүү жана илим министрлиги “Жогорку билим берүүдөгү сапат жана инновациялар” долбоорун ишке киргизди


  • 2025-02-21

2025-жылдын 20-февралында И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде “Жогорку билим берүүдөгү сапат жана инновациялар” аттуу масштабдуу долбоордун расмий ачылышына арналган конференция болуп өттү. Ага Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу, Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Хью Ридделл, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин биринчи проректору, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев жана изилдөө борборлорун түзүү боюнча демилгелерди сунуштаган Кыргызстандагы алдыңкы ЖОЖдордун ректорлору, илимий-изилдөө, ишкердик, өнөр жай жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Аталган долбоор КРнын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашырылууда. Демилге ЖОЖдордун илимий потенциалын өнүктүрүүгө, билим берүү программаларын жана изилдөөлөрдү жакшыртууга жана эмгек рыногу менен байланышты чыңдоого багытталган.

Конференцияда министрдин орун басары Расул Абазбек уулу “Жогорку билим берүүдөгү сапат жана инновациялар” долбоорун презентация кылып, катышуучуларга кеңири маалымат берди.

Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Хью Ридделл конференциянын расмий ачылышында сүйлөгөн сөзүндө өлкөдөгү жогорку билим берүүнү модернизациялоо боюнча долбоордун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Андан соң алдыңкы тажрыйба борборлорунун өкүлдөрү презентация кылышты.

Борборлор илимий изилдөөлөр жана инновациялар үчүн аянтча болуп, экономиканын негизги тармактарын өнүктүрүүгө көмөктөшөт жана университеттер, өнөр жай, эл аралык өнөктөштөр ортосундагы кызматташтыкты бекемдейт. Мындан тышкары, долбоор академиялык программаларды модернизациялоону, аккредитациялоо системасын жакшыртууну жана илимий изилдөөлөрдүн сапатын жогорулатууну камтыйт. Аны ишке ашыруу заманбап эмгек рыногунда талап кылынган жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо үчүн шарттарды түзүү менен Кыргызстандын эл аралык билим берүү аренасында позициясын чыңдайт.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/DGVT9zjNLN2/?igsh=eWthb21zbDA0aTRi

    Социалдык медиада бөлүшүү