Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде жогорку окуу жайлардын жетекчилери менен жооптуу өкүлдөрүнүн катышуусунда карьера жана ишке орноштуруу борборлорунун иштеши, өнүгүшү боюнча жыйын өткөрүлдү.
2025-жылдын 20-февралында өткөн жыйынга Кыргыз-Түрк “Манас” университетинен биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев катышты.
Жыйындын жүрүшүндө эмгек рыногуна анализ берилип, бүтүрүүчүлөрдү ишке орноштуруу маселелери боюнча презентация жасалды. Анализдин жыйынтыктарына ылайык, бүгүнкү күндө эмгек рыногунда жумушчу адистиктерине (40%) жана инженердик кесиптерге (28%) чоң муктаждык бар.
Министрдин орун басары Расул Абазбек уулунун айтымында, адистерди даярдоо деңгээли жумуш берүүчүлөрдүн талаптарына туура келбегендиги маанилүү чакырыктардын бири бойдон калууда. “Биз билимди эмес, бүтүрүүчүлөрдү даярдайбыз”, - деген Абазбек уулу компетенттүүлүктүн деңгээлинин төмөндүгү иш берүүчүлөрдүн нааразычылыгынын негизги себеби экенин белгиледи.
Кеңешменин жүрүшүндө өлкөдөгү өзгөчө макамдагы 11 университетке көңүл бурулду. Министрликтин өкүлдөрү бул ЖОЖдор билим берүү системасынын өсүү түйүнү жана өнүгүү драйвери болушу керектигин белгилешти. Буга байланыштуу акыркы үч жылда ЖОЖдордо ачылган жаңы кесиптер тууралуу маселелер көтөрүлдү.
Министрлик эмгек рыногунун муктаждыктарына багытталган адистерди даярдоонун натыйжалуу системасын жандандыруу боюнча талкууну демилгелөөдө.