Түрк дүйнөсүнүн чолпон жылдызы — “Манас” университети медиа сыйлыктарына ээ болду


  • 2025-02-24

“Айдын Доган” фонду жана Түркиянын Журналисттер коомунун кызматташуусу менен 34-ирет  өткөрүлүп жаткан “Жаш медиа өкүлдөрү” аттуу конкурстун жеңүүчүлөрү аныкталды. Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетинин студенттери чоң сыймык жаратып, мелдештен төрт сыйлык менен кайтышты.

Жаш медиа өкүлдөрүнөн чоң жетишкендик

Сыйлык тапшыруу аземи 2025-жылдын 20-февралында Hilton İstanbul Bosphorus мейманканасында уюштурулган салтанаттуу иш-чарада өткөрүлдү. Медиа жана коммуникация тармагынын кадыр-барктуу өкүлдөрү катышкан аземде КТМУнун атынан коммуникация факультетинин деканы, PhD., доцент Угур Үнал жана студенттердин долбоор боюнча куратору, академ. адис Фахри Тархан да орун алды.

“Фотография”, “кыска метраждуу тасма” жана “даректүү тасма” категорияларында сыйлыктар

Коммуникация факультетинин студенттери “фотография”, “кыска метраждуу тасма” жана “даректүү тасма” категорияларында зор ийгиликтерге жетишип, “Манас” университетинин атын дагы бир жолу даңазалашты.

“Фотография” категориясында академ. адис Фахри Тархан жетекчилик кылган журналистика бөлүмүнүн студенти Раяна Мамедова биринчи орунду жана Жибек Абдукаимова үчүнчү орунду ээледи. “Кыска метраждуу тасма” категориясында ага окутуучу Наргиза Маматкулова жетекчилик кылган радио, телевидение жана кино бөлүмүнөн Айжамал Мирбек кызы биринчи орунду багындырса, “даректүү тасма” боюнча ага окутуучу Стамбулбек Мамбеталиев жетекчилик кылган радио, телевидение жана кино бөлүмүнүн студенти Алтынай Адамалиева үчүнчү орунду алды.

Коммуникация дүйнөсүнүн престиждүү сынагы

Бул жылкы сынакка 60 университеттин коммуникация факультеттеринин студенттери катышты. Жазуу, визуалдык, аудио жана санариптик медиа тармактарында миңден ашуун долбоор бааланган сынакта жалпы 14 категория боюнча сыйлыктар ыйгарылды.

Түркиянын эң престиждүү медиа сынагы студенттердин коммуникация тармагындагы таланттарын көрсөтүүгө жана өздөрүн өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Жаш медиа өкүлдөрүнүн таланттарын даңазалаган бул сыйлыктар алардын аталган тармактагы келечегине жол ачат.

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетинин студенттеринин бул чоң жетишкендиги түрк дүйнөсүндө сапаттуу медиа адистерин даярдоо боюнча чечкиндүүлүгүн дагы бир жолу далилдеди.

Окуу жайдын жалпы жамаатынын атынан жеңишти камсыздаган бардык студенттерди чын жүрөктөн куттуктап, мындан аркы ийгиликтерди каалайбыз!

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/manasuniv/p/DGct2q_N4Z5/

    Социалдык медиада бөлүшүү