Ректор, PhD., профессор Жейлан китепкөй студенттерге сыйлык берди


  • 2025-02-25

Үстүбүздөгү жылдын 25-февралында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, PhD., профессор Алпаслан Жейлан 2024-жылдын сентябрь-декабрь айлары аралыгында эң көп китеп окуган студенттерге сыйлыктарын тапшырды.

Китепкана жана иш кагаздар башкармалыгынын статистикалык маалыматына ылайык, төрт айдын ичинде эң көп китеп окуп, билимге болгон умтулуусу менен айырмаланган алты студентке түрдүү белектер берилди.

“Китеп окууга болгон арзуу”

Ректор, PhD., профессор Жейлан сыйлык тапшыруу аземинде сүйлөгөн сөзүндө китеп окууга болгон арзууну белгилеп, китеп окуган адамдардын кругозору кең болуп, академиялык жетишкендиктери жогорулаганын белгиледи. Китептерге болгон терең кызыгуусун билдирген PhD., профессор Жейлан студенттерге бул баалуу адатты өмүр бою улантуулары керектигин билдирди.

75 китеп окуп, биринчи орунга ээ болгон кесиптик жогорку мектебинин техникалык программалары бөлүмүнүн жыгач иштетүүнүн технологиясы, эмеректер дизайны жана конструкциялоо программасынан Бекболсун Бекташов эң көп китеп окуган студент деп табылды. Гуманитардык факультетинин түркология бөлүмүнүн студенти Ширин Асанова 37 китеп менен экинчи орунду, ошол эле бөлүмдөн Айзада Туратбекова 29 китеп окуу менен үчүнчү орунду ээледи. Кесиптик жогорку мектебинин экономика жана башкаруу программалары бөлүмүнүн мектепке чейинки билим берүү программасынын студенттери Аида Ырысбек кызы жана Самара Саматова 28 китеп менен төртүнчү орунду бөлүшсө, коммуникация факультетинин журналистика бөлүмүнүн студенти Сагынай Арапбаева 26 китеп окуп, бешинчи орунду ээледи.

Сыйлык тапшыруу аземинен кийин ректор китепкананы кыдырып, сабак окуп, изилдөө иштерин жүргүзүп жаткан студенттер менен жолугушту. PhD., профессор Жейлан илимге, билимге берилген маанини баса белгилеп, студенттерге академиялык жашоосунда ийгиликтерди каалады жана алардын изилдөөлөрүндө, долбоорлорунда дайыма колдоо көрсөтөөрүн айтты.

Мындай маанилүү иш-чара университетте китеп окуу адатын жайылтуу максатында салт катары уланып келет.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/manasuniv/p/DGhqowhNIrN/

Instagram:

https://www.instagram.com/manasuniv/reel/DGgL3ANNFzx/

Manas TV'nin Haberi:

https://youtu.be/wFayq4PXPtE?feature=shared

    Социалдык медиада бөлүшүү