КТМУда “Санариптешүү жана башкаруу процесстеринде трансформация” аттуу семинар болуп өттү


  • 2025-03-13

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректорлугу тарабынан уюштурулган  семинарлардын алкагында 2025-жылдын 12-мартында административдик жетекчилер үчүн маанилүү иш-чара болуп өттү. Семинардын баяндамачысы Анкара Хажы Байрам Вели университетинин окутуучусу, профессор Селчук Караман болду.

“Санариптешүү жана башкаруу процесстеринде трансформация” аттуу семинарга КТМУнун ректору, доктор (PhD), профессор Алпаслан Жейлан, проректорлор доктор (PhD), профессор Режаи Доган жана доктор (PhD), профессор Камалбек Карымшаков, башкы катчы, доктор (PhD), профессор Исмет Алтынташ, декандар, декандардын жардамчылары, мүдүрлөр, мүдүрлөрдүн орун басарлары, бөлүм башчылар, факультет катчылары, административдик башкармалыктардын жетекчилери, административдик жана академиялык адистер катышты.

Семинардын ачылышында “Манас” университетинде болгонуна кубанычта экенин билдирген профессор Селчук Караман окуу жайдын салтты жана инновацияны айкалыштырган концепциясына көңүл бурду.

Иш-чарада санариптик трансформациянын эми тандоо эмес, стратегиялык мажбурлук экенин белгилеген профессор Караман бул процесс натыйжалуулукту камсыз кылуу менен гана чектелбестен, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү да берерин айтты.

Профессор Караман санариптик трансформациянын өзгөчө жогорку окуу жайларында маанилүү максаттарга жетүү үчүн колдонулганын баса белгилеп, билим берүү, изилдөө жана коомго салым кошуу процессинде түп тамырынан өзгөрүүлөрдү жаратарын айтып, жетекчилерге бул трансформация процессинде колдонулууга тийиш болгон стратегиялар жөнүндө кеңири маалымат берди.

“Санариптик трансформация үзгүлтүксүз уланат”

 

КТМУнун ректору, доктор (PhD), профессор Алпаслан Жейлан иш-чаранын жабылыш сөзүндө университетте санариптик трансформация боюнча иштер үзгүлтүксүз, өз нугунда улантылып жатканын баса белгиледи. Академиялык жана административдик кызматкерлер бул процесске активдүү катышарын айткан доктор (PhD), профессор Жейлан маанилүү маанлыматтар менен бөлүшкөнү үчүн профессор Селчук Караманга ыраазычылык билдирди.

Семинардын соңунда доктор (PhD), профессор Алпаслан Жейлан тарабынан профессор Селчук Караманга ыраазычылык баракчасы ыйгарылды.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/manasuniv/p/DHIoMR5tu--/

Instagram:

https://www.instagram.com/manasuniv/reel/DHIN77SNmAY/

    Социалдык медиада бөлүшүү