Профессор Мехмет Меликоглу “Тери Саламаттыгы жана жугуштуу оорулар” аттуу семинар өттү


  • 2025-03-19

Kыргыз-Түрк “Манас” университетинде тери саламаттыгы жана жугуштуу ооруларга көңүл буруу максатында маанилүү семинар өткөрүлдү. Ататүрк университетинин медицина факультетинин ички медициналык илимдер, тери жана венерологиялык оорулар бөлүмүнүн башчысы, профессор Мехмет Меликоглу 2025-жылдын 19-мартында ректорлуктун жыйындар залында катышуучулар менен жолугушту.

Иш-чарага КТМУнун Камкорчулар кеңешинин төрагасы, профессор Ибрахим Чапак, ректор, профессор Алпаслан Жейлан, проректорлор профессор Режаи Доган жана профессор Камалбек Карымшаков, башкы катчы, профессор Исмет Алтынташ, академиялык жана административдик кызматкерлер менен студенттер катышты.

Профессор Меликоглу тери саламаттыгы жана көйгөйлөрү, күндөн коргонуунун маанилүүлүгү, HPV жана жыныстык жол менен жугуучу оорулар боюнча маалыматтар менен бөлүштү. Теринин саламаттыгын коргоо үчүн үзгүлтүксүз дерматологиялык текшерүүлөрдүн маанилүүлүгүн баса белгилеген Меликоглу эрте диагностиканын көптөгөн тери ооруларын дарылоодо роль ойноорун айтты.

Өзгөчө күндүн зыяндуу таасиринен коргонуу боюнча кеңири маалымат берген профессор ультрафиолет (УК) нурлардын териге тийгизген терс таасирине көңүл буруу аркылуу узак мөөнөттүү көзөмөлдөнбөгөн күнгө тийүү теринин картаюусун ылдамдатып, тактардын, бырыштардын пайда болушуна жана алтургай тери рагы коркунучуна алып келерин белгиледи. Күндөн коргоон жай айларында гана эмес, жыл бою маанилүү экендигине токтолуп, күндөн коргоочу кремдерди үзгүлтүксүз колдонууну, көлөкөдө болууну, кенен жээктүү баш кийим жана коргоочу кийим кийүүнү сунуштап, бул чаралар тери ден соолугуна оң таасир тийгизерин кошумчалады.

Меликоглу HPV жана башка жыныстык жол менен жугуучу оорулар тууралуу да маалымат бөлүшүп, бул оорулардын жугуу жолдору, коргоо ыкмалары жана коркунуч тийгизген факторлору тууралуу да айтып берди. Мындай ооруларды алдын алууда жаштар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү маанилүү экенин баса белгилеп, сергек жашоого көңүл бурду.

Катышуучулар кызыктырган суроолоруна жооп алышып, иш-чаранын аягында дерматология жана жугуштуу оорулар боюнча маалыматтарды көбүрөөк алуу керектиги белгиленди.

Иш-чаранын соңунда профессор Чапак менен профессор Жейлан баалуу маалыматтар менен бөлүшкөнү үчүн профессор Меликоглуна ыраазычылык баракчасын тапшырышты.

Семинар жамааттык эстеликке сүрөткө түшүү менен аяктады.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/DHav1xhNPin/?igsh=MWlpM3p5MHFxMTJ0ZQ==

Instagram:

https://www.instagram.com/reel/DHawT0EtiGd/?igsh=NjQ1MjEzdno0eXdh

    Социалдык медиада бөлүшүү