2025-жылдын 20-мартында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Түрк цивилизациясын изилдөө борбору тарабынан “Түрк дүйнөсүндөгү Нооруз майрамынын каада-салттары” аттуу илимий жыйын өткөрүлдү.
Касым Тыныстанов атындагы жыйындар залында өткөн иш-чарага КТМУнун проректору, профессор Режаи Доган, ректордун кеңешчиси, профессор Мехмет Өзкаржы, Түрк цивилизациясын изилдөө борборунун жетекчиси, профессор Мехмет Ариф Өзербаш, көптөгөн окутуучулар жана студенттер катышты.
Түрк цивилизациясын изилдөө борборунун жетекчиси, профессор Мехмет Ариф Өзербаш программанын ачылыш сөзүндө Нооруз жөн гана жаз майрамы эмес, биздин орток маданиятыбызды, тарыхый тамырыбызды жана бир туугандык байланыштарыбызды чыңдаган өзгөчө салт экенин белгиледи. Профессор: “Ата-бабаларыбыздан калган бул маданий байлыкты сактап, келечек муундарга өткөрүп берүү – баарыбыздын милдетибиз”, – деди.
Иш-чара “Түрк дүйнөсүндөгү Нооруз майрамынын каада-салттары» аттуу илимий жыйын менен уланды. Проректор, доктор (PhD.), профессор Режаи Догандын башкаруусунда өткөн илимий жыйында Нооруздун тарыхий түпкү тамырлары, маданий чагылдыруулары жана түрк дүйнөсүндөгү мааниси тереңирээк каралды.
Проректор, профессор Режаи Доган жетектеген бул илимий жыйында Нооруздун тарыхый маңызы, маданий чагылдырылуусу жана түрк дүйнөсүндөгү мааниси кеңири талкууланды.
Профессор Нурудин Кыдыралиев “Кыргыз элинин Нооруз майрамында жасалуучу тамак-аштары” аттуу баяндамасында кыргыз маданиятындагы Ноорузда жасала турган тамак-аш салттарын жана атайын даярдалган улуттук даамдарды сүрөттөп берди. Доцент Эрдоган Акман “Басма сөздө Нооруз майрамынын орду” деген темадагы баяндамасында тарыхый процесс боюнча басма сөздө Ноорузга кандай орун берилгенин жана маалымат каражаттары аркылуу салттын кандайча жайылганына токтолду. Доцент Роза Абдыкулова болсо “Түрк элдеринде Нооруздун пайда болушу” деген баяндамасында Нооруздун түрк элдериндеги тарыхый жана мифологиялык маанисин баяндады.
Программа жыйындын катышуучуларына катышкандыгы тууралуу сертификаттарды тапшыруу жана бардык катышуучулардын эстеликке сүрөткө түшүүсү менен аяктады.
Haberin Fotoğrafları:
https://www.instagram.com/manasuniv/p/DHdeaZ9tWSF/
Instagram: