Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде жаздын жарчысы, биримдиктин, жана тилектештиктин символу болгон Нооруз майрамы өзгөчө шаң менен белгиленди. 2025-жылдын 25-мартында Касым Тыныстанов атындагы жыйындар залында өткөрүлгөн майрамдык иш-чарага KТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев, профессордук-окутуучулук курам, студенттер, коноктор жана басма сөз өкүлдөрү катышты.
Ырым-жырымдар менен башталган программа Умай Эненин тилектери жана студенттердин токчулуктун азыгы болгон сүмөлөк таратуусу менен жанданды. Жаратылыштын ойгонушун символдоштурган маанилүү учурлардын дагы бири Баба Дыйкандын талаага буудай себүүсү болду.
Иш-чарада кыргыз элинин улуттук байлыгы “Манас” эпосунан үзүндү коюлуп, андан соң улуу айтыш өнөрүнө кезек берилип, кыз куумай жана улак тартыш сыяктуу маданий мурастар сахнада жанданды. Мындан тышкары, Нооруздун салттуу оюндарынын бири болгон жумуртка чабышуу сыяктуу активдүүлүктөр көрүүчүлөрдүн кызыгуусун арттырды.
Нооруздун эң байыркы ырым-жырымдарынын бири болгон темир чабуу ректор, профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев тарабынан аткарылды. Балканын үнү жаңырган бул маңыздуу ырым-жырым аркылуу көрүүчүлөр тарыхтын терең издерин сезип, өтмүштөн азыркыга чейин созулган маданий мураска күбө болушту.
Музыка менен бийдин сыйкыры иш-чаранын көркүнө көрк кошту. “Дастан” комузчулар тобу көрүүчүлөргө “Күү жарыш” менен өзгөчө музыкалык майрам тартууласа, азербайжан жана монгол обондору Нооруздун маданий түрдүүлүгүн ачып берди. “Түрк улуттук бийи” тобунун таасирдүү аткаруулары жана “Манастын кыздары” бий тобунун кыргыз, кавказ бийлери кечеге эстетикалык шаң тартуулады. Иш-чаранын соңунда сахнага чыккан солисттер Азат Садыков, Эльмира Таджиева, Алтынай Абдырахманова, Салымбек Саидов жана Гүлзина Манапова жагымдуу үндөрү менен кечени көркүнө чыгарышты.
Ректор, профессор Алпаслан Жейлан программада сүйлөгөн сөзүндө түрк-ислам дүйнөсүнө тынчтык, бакыт жана береке каалап, мындай деди: “Достугубуз жана боордоштугубуз түбөлүк болсун!” Биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев бардык катышуучуларды Нооруз майрамы менен куттуктап, “Элибизде ар дайым тынчтык, биримдик жана ынтымак болсун, токчулук жана береке үзүлбөсүн!”- деген тилегин айтты.
“Манас” университетинде Нооруз майрамы тынчтык, бир туугандык жана маданий биримдик ичинде белгиленип, катышуучулар бул маңыздуу майрамдын рухун сезе алышты. Биргелешкен кубаныч, жаңырган обондор жана сахналаштырылган каада-салттар менен КТМУ Нооруз майрамын эстен кеткис белгиледи.
Haberin Fotoğrafları:
https://www.instagram.com/manasuniv/p/DHp_fw2tAMq/
https://www.instagram.com/manasuniv/p/DHp8t-NNAI9/
https://www.instagram.com/manasuniv/p/DHp3gUzNqjv/
Instagram: