КТМУнун окутуучуларына ыраазычылык: Илим жолунда ийгиликти көздөй биргеликте багыт алуу


  • 2025-03-27

Кыргыз-Түрк “Манас” университети академиялык жетишкендиктери менен өзгөчөлөнгөн окутуучуларга сыйлык ыйгарууну улантып келет. 2024-жылдагы академиялык көрсөткүч жана жетишкендикти баалоо боюнча табыштаманын алкагында табигый так жана социалдык илимдер тармактарында эң жогорку упайларды алып, окуу жайыбыздын илимий өнүгүшүнө маанилүү салым кошкон окутуучулар ооз ачуу программасында чогулушту.

КТМУнун социалдык курулуштар имаратында өткөн ооз ачуу программасына ректор, профессор Алпаслан Жейлан менен бирге  биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев, проректорлор профессор Режаи Доган жана профессор Камалбек Карымшаков, башкы катчы, профессор Исмет Алтынташ катышты. Программада окутуучулардын илим дүйнөсүнө кеңири таанылган эмгектери жана КТМУнун эл аралык деңгээлдеги өсүшүнө да баа берилди.

Ректор, профессор Алпаслан Жейлан  академиялык жетишкендиктери менен КТМУнун аброюн көтөргөн окутуучуларга ыраазычылык билдирип, “Окуу жайыбыз сиздердин тынымсыз эмгегиңиздердин аркасында илимде алдыңкы позициясын бекемдөөдө. Илимге кошкон салымыңыздар – келечекке жарык чачкан эң баалуу мурасыбыз. Бардыгыңызды чын жүрөгүмдөн куттуктайм”, – деди.

Ооз ачуу программасынын жүрүшүндө илимий долбоорлор, изилдөө кызматташтыктары жана келечектеги академиялык максаттар боюнча пикир алмашуу болду. Ректор ийгиликтүү окутуучуларга ар дайым колдоо көрсөтүлө турганын айтып, КТМУнун илимий мыктылыкка умтулган концепциясы чечкиндүүлүк менен улантыла турганын баса белгиледи.

Окуу жайыбыздын академиялык өнүгүшүнө багыт берген, билим жана илим жолунда эмгектенген окутуучуларды куттуктап, албан-албан ийгиликтерди каалайбыз!

    Социалдык медиада бөлүшүү