Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин гуманитардык факультетинин филология бөлүмү тарабынан быйыл экинчи жолу уюштурулган “Илим жолу” аттуу студенттер аралык илим изилдөө конкурсу 2025-жылдын 8-апрелинде Касым Тыныстанов атындагы жыйындар залда өтүп, академиялык чөйрөнү бириктирген маанилүү платформага айланды.
Иш-чара КТМУнун биринчи проректору, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев, гуманитардык факультетинин декан жардамчылары, доцент Халит Ашлар жана Доц.м.а.док. Кайрат Белек, филология бөлүмүнүн башчысы, профессор Бурул Сагынбаева менен бирге бир катар окутуучулар, ошондой эле студенттердин катышуусунда өттү.
Биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев илимий программанын факультеттин деңгээлинде уюштурулуп жатканы чоң жетишкендик экенин айтып, бул сыяктуу иш-чараларды жыл сайын өткөрүүнүн зарылдыгын белгиледи. Илимий изилдөө иштеринин маанилүүлүгүнө көңүл бурган биринчи проректор студенттер үчүн түзүлүп жаткан шарттар жана жаңылануулар менен бөлүштү.
Мындан тышкары, Ибраев өз сөзүндө Кыргызстанда жана дүйнө жүзүндө студенттерге берилген мүмкүнчүлүктөрдү колдон келишинче жогорку деңгээлде пайдалануу керектигин баса белгилеп, аларды түрдүү конференцияларга, стартап конкурстарга активдүү катышууга чакырды.
Гуманитардык факультетинин филология бөлүмүнүн башчысы, профессор Бурул Сагынбаева “Илим Жолу-2” аттуу студенттер аралык илим изилдөө конкурсу тууралуу маалымат берип, иш-чара студенттердин кесиптик жана илимий тармакка таандык билимдерин кеңейтүү, интеллектуалдык ой жүгүртүү активдүүлүгүн көтөрүү жана стимулдаштыруу, аларды илимий талкууларга катыштыруу максатында уюштурулганын билдирди.
Профессор Сагынбаева өз сөзүндө окутуучулар жамааты студенттерге билим берүү менен гана чектелбей, илимий чөйрөгө кызыктыруунун үстүнөн иштешерин белгилеп, “Илим ааламы таптакыр башкача, башкысы, кызыгуу керек”, - деди.
Илимий иш-чаранын ачылыш отурумунда студенттер кыргыз, түрк, англис, орус жана кытай тилдеринде баяндама жасоо менен көп тилдүү илимий чеберчиликтерин көрсөтүштү. Алты секциядан турган программа студенттер тарабынан чоң кызыгуу менен кабыл алынды. Катышкан студенттер баяндама жасоо тажрыйбасын арттырып, илимий ой жүгүртүүгө салым кошуу менен илим жолуна маанилүү кадам ташташты.
Иш-чаранын соңунда калыстар тобу тарабынан мыкты баяндама жасаган студенттер сыйланды.
“Манас” университетинин гуманитардык факультетинин филология бөлүмү жыл сайын ушундай иш-чараларды өткөрүү аркылуу студенттерди илимий дүйнөгө жакындатууну улантып келет.