Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин туризм факультети тарабынан уюштурулган “Карьера күнү” иш-чараларынын алкагында аталган тармактын өкүлдөрү менен студенттер жолугушту.
Иш-чаранын ачылыш аземине университеттин проректору, профессор Камалбек Карымшаков, туризм факультетинин деканы, профессор Ясин Бойлу, окутуучулар жана студенттер катышты. Ошондой эле туризм тармагындагы алдыңкы өкүлдөрдөн Sheraton Hotel, Royal Beach, Bishkek Walks, Kaynar Group, Sofia Hotel, Supara, Kyrgyz Concept, Pegas Touristik, Orion жана Uluş Travel компанияларынын кызматкерлери да катышты.
Проректор, профессор Камалбек Карымшаков ачылыш сөзүндө туризм тармагынын аймактык өнүгүүгө, жумуш менен камсыздоого тийгизген таасирин баса белгилеп, аталган иш-чарага салым кошкон жана студенттерге багыт берген мекемелерге ыраазычылык билдирди. Профессор Карымшаков өзгөчө туризм факультетинин бүтүрүүчүлөрү жумушка орношууда артыкчылыкка ээ экенин белгилеп, бул тармакта студенттер үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр бар экенин айтты.
Туризм факультетинин деканы, профессор Ясин Бойлу аталган иш-чара бул жылы экинчи жолу өткөрүлүп жатканын белгилеп, “Биздин студенттердин ой-максаттары менен тармактардын реалдуулугун бириктирип, ийгиликтүү иш-чара өткөрө турганыбызга ишенебиз”, - деп, программа көздөгөн максатына жетет деген ишеничин билдирди.
Иш-чара студенттерге туризм тармагынын алдыңкы 27 өкүлү менен бетме-бет жолугушууга мүмкүнчүлүк түздү. Стажировка жана жумуш орундары тааныштырылган программада карьералык багыт берүү сессиялары жана тармактык кызматташтык чөйрөлөрүн өнүктүрүүгө багытталган атайын таанытуу жыйындары уюштурулду. Программа студенттерге карьераларына багыт берүүгө шарт түздү.