Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан Эрзурум Ататүрк университетинин изилдөө ооруканасынын жаак хирургиясы бөлүмүндө дарыланып жаткан административдик кызматкерлерибиздин бири Сатыбалды Көчөрбай уулун зыярат кылды.
Зыяратта профессор Жейланды гуманитардык факультетинин деканы, профессор Алпаслан Ашык, теология факультетинин окутуучусу, ректордун кеңешчиси, профессор Кемал Полат, ошондой эле Ялова университетинин тарых бөлүмүнүн башчысы, КТМУнун ректорунун кеңешчиси, профессор Октай Өзгүл коштоп барды.
Жолугушууда Эрзурум Ататүрк университетинин изилдөө ооруканасынын адис дарыгерлеринен кеңири маалымат алган ректор Жейлан профессор Үмит Эрташ баш болгон операциянын жооптуу дарыгери, профессор Мехмет Эмин Акйүзгө жана Сатыбалды Көчөрбай уулунун дарылануу процессине салым кошкон оорукананын жалпы жамаатына ыраазычылык билдирди.
Satıbaldı Köçörbay Uulu’nun sağlığına kavuşması için hem Kırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesi hem de Atatürk Üniversitesi’nin tüm imkânlarının seferber edildiğini ifade eden Rektör Prof. Dr. Ceylan, “Bu süreçte başta Atatürk Üniversitesi Rektörü Prof. Dr. Ahmet Hacımüftüoğlu olmak üzere, Araştırma Hastanesi’nin kıymetli hocalarına, sağlık personeline, öğrencilerimize ve Manas ailesine en içten şükranlarımı sunuyorum.” ifadelerini kullandı.
“Чыныгы бир туугандык сезим жакшы күндө да, кыйын күндө да жанданышы керек”
Зыяраттын жүрүшүндө ректор, профессор Алпаслан Жейлан өзү туулуп өскөн Эрзурум шаарынын жана Ататүрк университетинин кыргыз-түрк бир туугандык мамилесине кошкон салымы абдан баалуу экенин белгилеп, “Чыныгы бир туугандык сезимди жакшы күндө гана эмес, кыйын учурларда да жашатуу - эң чоң милдетибиз”, - деди.
Сатыбалды Көчөрбай уулунун сакайып кетиши үчүн Кыргыз-Түрк “Манас” университети да, Ататүрк университети да бардык мүмкүнчүлүктөрүн жумшаганын айткан профессор Жейлан буларга токтолду: “Бул процессте Ататүрк университетинин ректору, профессор Ахмет Хажымүфтүоглу баш болгон изилдөө ооруканасынын дарыгерлерине, медицина кызматкерлерине, биздин студенттерге жана “Манас” үй-бүлөсүнө терең ыраазычылык билдирем.”