Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин үзгүлтүксүз билим берүү борборунун семинарларынын алкагында 2025-жылдын 9-апрелинде туризм факультетинин кенже илим.кызм.док. Ибрахим Гүндогду тарабынан “Кыргызстанда ден соолук туризми” деген темада семинар өткөрүлдү.
Окутуучулар жана студенттердин катышуусунда өткөн семинарда туризм түшүнүгү жана анын түрлөрү жөнүндө сөз болуп, өзгөчө ден соолук туризми тууралуу кеңири маалымат берилди.
Кенже илим.кызм.док. Гүндогду өзгөчө Кыргызстандагы ден соолук туризминин потенциалына көңүл буруп, илимий изилдөөлөргө негизделген маалыматтарды сунуштады. Ал термалдык туризм боюнча Ысык-Ата, Керемет-Суу, Алтын-Арашан жана Ак-Суу сыяктуу аймактарды тааныштырды. Ошондой эле Кыргызстанда колдонулуп жаткан ылай менен дарылоо ыкмалары, кымыз, санаторийлер жана курорттор тууралуу да маалымат берди.
Суроо-жооп форматында интерактивдүү өткөн бул семинар студенттердин жигердүү катышуусу жана кызыгуусу менен уланып, ыраазычылык катын тапшыруу жана жамааттык эстеликке сүрөткө түшүү менен аяктады.