Академиялык басмада жаңы жол картасы: “Манас” университетинин журналдарын стратегиялык баалоо жыйыны болуп өттү


  • 2025-04-14

2025-жылдын 11-апрелинде Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде академиялык журналдардын эл аралык стандарттарга шайкештигин жогорулатуу жана басылмалардын сапатын жогорулатуу максатын көздөгөн маанилүү жыйын болуп өттү. Окумуштуулар кеңешинин жыйындар залында өткөн жыйынга Илимий басылмалардын координатору, профессор Режаи Догандын жетекчилигинде журналдардын башкы редакторлору менен тармактык редакторлору катышты.

Жыйындын күн тартибинде академиялык сапат ишенимдүүлүгү, жарыялоо этикасы, эл аралык индекстөө, санариптик басма структурасынын өнүгүүсү, пландуу жарыялоо календарын ишке ашыруу, журналдардын таанытууга багытталган иш-чаралар, административдик колдоо жана келечекке багытталган стратегиялык концепция боюнча маселелер каралды.

Белгилүү болгондой, КТМУда “Manas Journal of Agriculture, Veterinary and Life Sciences”, “Manas Journal of Religious Sciences”, “Reforma”, “Journal of Turkic Civilization Studies”, “Manas Journal of Social Studies” жана “Manas Journal of Engineering” аттуу алты академиялык журнал бар. Ага ылайык, жыйындын жүрүшүндө журналдардын учурдагы абалы талкууланып, алардын индекстөө статусун, редакциялык кеңештин түзүмүн, калыстык процесстерин жана жарыялоо статистикасын карап чыгуу керектиги белгилүү болду.

Ар бир журналдын таанытылышы жана алардын таасир берген тармактары маанилүү экенин белгилеген проффесор Доган бул жаатта аткарылышы керек болгон иш-аракеттер боюнча деталдуу маалымат берди. Мындан тышкары, процесстерди системалуу жүргүзүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду.

Журналдардын ишмердүүлүгүн мындан да профессионалдуу деңгээлде ишке ашырууга мүмкүндүк бере турган кадамдарды аныктоо максатын көздөгөн жыйын, биргелешип академиялык басманын талаптарына жооп бере турган стратегияларды иштеп чыгуу - университеттин журналдарын эл аралык стандарттарга жеткирүү үчүн маанилүү кадам экени белгиленди.

    Социалдык медиада бөлүшүү