Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин 30 жылдыгына карата окуу жайды таанытуу иш-чараларынын алкагында уюштурулган “Манас” жаштар шаңы программасы абитуриенттердин чоң кызыгуусуна ээ болду.
“Манас” телеканалы жана көркөм өнөр факультетинин кызматташтыгында уюштурулган бул иш-чара борбор калаадагы “Bishkekpark” соода борборунда өткөрүлдү. Иш-чара окуу жайдын академиялык мүмкүнчүлүктөрү, социалдык жана маданий жашоосун абитуриенттерге таанытуу максатын көздөдү.
Программага КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан, проректорлор; профессор Режаи Доган жана профессор Камалбек Карымшаков, Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин билим берүү боюнча кеңешчиси Күршад Дулкадир, декандар, окутуучулар, студенттер жана шаар тургундары катышты.
Программанын жүрүшүндө окуу жайга тапшыруу боюнча суроолоруна жооп алышкан абитуриенттер жана алардын ата-энелерине КТМУнун билим берүү программалары, факультеттери, эл аралык мүмкүнчүлүктөрү, жатакана жана социалдык иш-чаралар кеңири маалымат берилди.
Искусство, маданият жана каада-салт айкалышкан майрам
Жандуу музыка, чыгармачыл көрсөтүүлөр жана мастер-класстар менен шаар тургундарына жагымдуу маанай тартууланды. Иш-чарада кыргыз, түрк, орус, өзбек, азербайжан жана башка тилдерде ыр-бийлер аткарылып, көрүүчүлөргө унутулгус көз ирмемдерди тартуулады.
Ал эми маданий иш-чаранын поэзия бөлүгүндө студенттердин жүрөктөн чыккан ыр саптары аркылуу сахнада сезимдердин жана ойлордун кооздугу тартууланды. Мындан тышкары, мангала, тогуз коргоол жана кол күрөш жана башка улуттук оюндар уюштурулуп, көрүүчүлөр да катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
Бул иш-чара аркылуу Кыргыз-Түрк “Манас” университети абитуриенттерге дем берүүчү таанытуу иш-чарасын өткөрүп, академиялык гана эмес, маданий жана социалдык жактан да бай мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтө алды.