Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректорунун жаңы кеңешчилери болуп үч окутуучу дайындалды. Гуманитардык факультетинин филология бөлүмүнүн башчысы, профессор Бурул Сагынбаева, ветеринардык факультетинен профессор Аскарбек Түлөбаев жана инженердик факультетинин компьютер инженерлиги бөлүмүнүн башчысы, доцент Рита Исмаилова 2025-жылдын 26-майынан тартып ректордун кеңешчиси болуп дайындалышты.
Куттуктоо ректорлук макамында расмий программа менен коштолду. Жаңы дайындалган кеңешчилерге кызматка дайындалгандыгы тууралуу буйрукту ректор, профессор Алпаслан Жейлан тарабынан тапшырылды.
Куттуктоо аземинде сөз сүйлөгөн профессор Жейлан окутуучулардын адистик тармактарындагы тажрыйбалары окуу жайдын башкаруу процесстерине түздөн-түз салым кошуп, “Манас” университетинин негизги башкаруу принциптеринин бири экенин баса белгиледи. Ошондой эле кеңешчи кызматтарына дайындалган окутуучулар университеттин академиялык, административдик жана стратегиялык өнүгүшүнө маанилүү салым кошот деген ишеничин билдирди.
Профессор Жейлан өз сөзүндө төмөнкүлөргө токтолду:
“Кыргыз-Түрк “Манас” университети катары катышуучу, адилеттүү жана адистикке негизделген башкаруу түшүнүгүн негиз кылып алабыз. Биздин университеттин башкаруу моделинде окутуучуларыбыздын илимий тажрыйбасын бир гана сабак өтүү менен чектебейбиз; бул тажрыйбаны түздөн-түз башкаруу механизмдерибизге алып келип жатабыз.
Бүгүн ректордун кеңешчиси кызматтарына дайындалган үч баалуу окутуучу да өз тармактарында мыкты адистиги менен таанымал. Филология, ветеринария жана компьютердик инженерия сыяктуу ар кандай, бирок стратегиялык маанилүү тармактарда жүргүзүп жаткан академиялык иштеринин жардамы менен мекемебизге багыт берүү потенциалдары күчтүү. Бул дайындоолор - “Манас” университетинин келечегин биргеликте калыптандырууда максатыбыздын бир бөлүгү.”
Ректор Жейлан кеңешчиликке дайындалган окутуучуларга ийгилик каалап, аларга алдын ала ыраазычылык билдирди.