Үстүбүздөгү жылдын 20-22-май күндөрү Казакстандын Алматы шаарында III Эл аралык “Түрк дүйнөсү” студенттик театр фестивалы өткөрүлүп, анда Кыргыз-Түрк “Манас№ университети маданият жана искусство жаатында дагы бир ийгиликке жетишти.
Бул ири маданий иш-чара ТҮРКСОЙ эл аралык уюму жана Темирбек Жургенов атындагы Казак улуттук искусство академиясы тарабынан уюштурулуп, түрк дүйнөсүнун түрдүү өлкөлөрүнөн келген таланттуу жаштарды чогултту. Кыргызстан, Түркия, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Азербайжандын университеттеринен келген студенттер улуттук маданиятын чагылдырган спектаклдерди тартуулашты.
Фестивалда “Манас” университетинин көркөм өнөр факультетинин театралдык искусство бөлүмүнүн 4-курсунун студенттери Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу, драматург Кайрат Иманалиевдин калемине таандык “Коркут Ата” спектаклин коюшту. Спектакль театралдык искусство бөлүмүнүн башчысы, ага окутуучу Гүлмира Тыналиева жана ага окутуучу Адылбек Болорбек уулунун жетекчилиги астында даярдалып, көрүүчүлөр жана калыстар тобу тарабынан жогору бааланды.
Жыйынтыгында КТМУнун студенттери “Калыстардын өзгөчө сыйлыгы” жана “BİRLİKTE DİRLİR VARDIR” аттуу статуетка менен сыйланышты. Бул ийгилик жаш таланттардын чыгармачылык изденүүлөрүнүн жемиши катары кабыл алынды.
Искусство жана жаштарга арналган өмүр: Ректор, профессор Алпаслан Жейланга алтын медаль ыйгарылды
Искусствого жана жаштарга көрсөткөн өзгөчө мамилеси менен өз мекемесинде гана эмес, бүтүндөй түрк дүйнөсүндө шыктануу булагына айланган Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан жаш таланттардын искусство менен таанышуусуна кошкон зор салымы жана искусство билимине көрсөткөн уникалдуу колдоосу үчүн Темирбек Жургенов атындагы Казак улуттук искусство академиясынын ректору, профессор Арман Жүдөбаев тарабынан алтын медаль менен сыйланды.
Бул престиждүү сыйлык, профессор Жейландын маданий кызматташтыкка болгон бекем ишеничинин жана искусствонун универсалдуу күчүнө болгон терең берилгендигинин белгиси катары тапшырылды.
Бул маанилүү сыйлык “Манас” университетинин эл аралык деңгээлдеги маданий миссиясын дагы бир жолу тастыктады, ошондой эле студенттердин ийгиликтери окуу жайыбыз үчүн чоң сыймык болду.
Сыйлык ээлерин чын жүрөктөн куттуктап, чыгармачыл ийгиликтерди каалайбыз!