Хожа Ахмет Ясавинин руханий мурасы “Манас” университетинде түрк дүйнөсү менен жолугушту


  • 2025-06-04

2025-жылдын 2-июнунда Кыргыз-Түрк “Манас” университети менен Анкара Хажы Байрам Вели университетинин Түрк маданияты жагынан Хажы Бекташ-ы Вели изилдөө борборунун кызматташтыгы аркылуу “Ахмет Ясавинин Кыргызстандагы руханий мурасы жана таасирлери” аттуу илимий жыйын уюштурулду.

Ректорлук жыйындар залында өткөн иш-чарага Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, башкы катчы, профессор Исмет Алтынташ, Анкара Хажи Байрам Вели университетинин проректору, профессор Метин Орбай, КТМУнун гуманитардык факультетинин деканы, профессор Алпаслан Ашык жана профессордук-окутуучулук жана административдик курам катышты.

Иш-чарада сөз сүйлөгөн ректор, профессор Алпаслан Жейлан Ахмет Ясави түрк-ислам цивилизациясынын руханий түптөөчүлөрүнүн бири экенин белгилеп, кылымдар бою ар бир түрк мусулмандын жүрөгүндө жашаган даанышмандыктын булагы катары элдин жүрөгүнөн орун алганын айтты. Профессор Жейлан Ахмет Ясавини жүрөктөрдү жарык кылган өчпөс чырак катары мүнөздөп, бул ыйык жарык күйө берерин жана анын накыл сөздөрүнө бай жолун уланта турганын билдирди.

Теңир-Тоосунун этегинде, Борбордук Азиянын жүрөгүндө жайгашкан, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун мекени болгон Кыргызстанда болуу – ал үчүн чоң сыймык экенин белгилеген Анкара Хажы Байрам Вели университетинин проректору,  профессор Метин Орбай өз сөзүндө “Манас” университетинин түзүлгөнүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады.

Профессор Орбай: “Бүгүн бизге бул эшикти ачкан бардык адамдарга ыраазычылык билдиребиз. “Манас” университети менен кызматташып жаткандыгыбызга абдан кубанычтабыз”, – деп, эки университеттин ортосундагы академиялык жана маданий кызматташуунун маанилүүлүгүнө токтолду.

КТМУнун гуманитардык факультетинин деканы, профессор Алпаслан Түркстан менен түрк дүйнөсүнүн жолун жарык кылган, жүрөктөрдү багынткан Хожа Ахмет Ясавинин көп кырдуу талкууланган бул маанилүү жыйынга салым кошкон баяндамачыларга ыраазычылык билдирди.

Модераторлугун профессор Садуллах Гүлтен жүргүзгөн илимий жыйында Ахмет Ясавинин түрк дүйнөсүндөгү терең таасири ар тараптуу каралды.

Илимий жыйында алгач профессор Фатих Үнал “Ясавинин уруу теги жана кыргыздардын аймагында Ясавинин таасири” аттуу баяндамасында ясавилик философиянын тарыхый тамырларын жана анын кыргыз маданиятындагы издерин талдады. Андан соң профессор Абдуллах Гүндогду “Түрк Шуубийа кыймылы жана Ахмет Ясави” деген темадагы баяндамасында Ясавинин иденттүүлүк жана таандыктык маселесиндеги ролун тарыхый көз караштан карап чыкты.

Ал эми профессор Хашим Шахин “Хожа Ахмет Ясави жана түрк дүйнөсү” аттуу баяндамасында Ясавинин диний мурасы бүгүнкү күндө түрк дүйнөсүндө бириктирүүчү фактор катары кандайча жашап жаткандыгына көңүл бурду. Илимий жыйындын акыркы баяндамасын жасаган доцент Негизбек Шабданалиев Кыргызстанда Хожа Ахмет Ясави жана “Диван-и Хикмет” боюнча жүргүзүлгөн изилдөөлөр жана анын кыргызча котормолору тууралуу кеңири маалыматтарды бөлүштү.

Илимий жыйында Хожа Ахмет Ясави миф гана эмес, ошондой эле кылымдар бою түрк элдеринин жүрөгүндө жашап келе жаткан, маданий биримдикти жана руханий ойгонууну бекемдеген жалпы баалуулук экени дагы бир жолу баса белгиленди.

Иш-чара баяндамачыларга ыраазычылык баракчаларын тапшыруу жана жалпы эстеликке сүрөткө түшүү менен аяктады.

Андан соң ректор, профессор Алпаслан Жейлан баяндамачылар менен бирге окумуштуулар кеңешинин жыйындар залында жолугушту.

Анкара Хажы Байрам Вели университетинин окутуучулары “Манас” университетинин дүйнөнүн эң мыкты 1000 университеттин катарына киргенин маанилүү жетишкендик катары баалап, профессор Жейланды куттукташты.

Ректор, профессор Жейлан өз сөзүндө “Манас” университети студентке багытталган билим берүү мекемеси экенин белгилеп, түрк дүйнөсүнөн жаштарды өстүрүү алар үчүн чоң сыймык экенин билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирилип, “Манас” университетинин өнүккөн технологиялык инфраструктурасынын ийгилигине да көңүл бурулду.

Окумуштуулар кеңешинин жыйындар залында өткөн жолугушуу эки тараптуу белек тапшыруу менен аяктады.

    Социалдык медиада бөлүшүү