КТМУнун айыл чарба факультетинин билим берүүдөгү практикалык кадамы: Студенттер органикалык козу карын жыйноодо


  • 2025-06-04

Кыргыз-Түрк “Манас” университети айыл чарба багытында билим берүүнү аудиториядагы теориялык маалымат менен эле чектебестен, студенттерди түздөн-түз өндүрүш процесстерине тартуу аркылуу аталган тармактын келечектеги адистерин даярдап келет. 2025-жылдын 2-июнунда айыл чарба факультетинин студенттери тарабынан университеттин күнөсканаларында өстүрүлгөн органикалык козу карындардын түшүмүн жыйноо иш-чарасы бул ыкманын ийгиликтүү үлгүсү катары ишке ашты.

Козу карын жыйноо иш-чарасына КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан, проректор, профессор Режаи Доган, башкы катчы, профессор Исмет Алтынташ, айыл чарба факультетинин деканы, профессор Ахмет Айгүн жана көптөгөн окутуучулар катышып, өндүрүш процессин жеринде көрүшүп, практикалык иштер боюнча маалымат алышты.

Ректор, профессор Алпаслан Жейлан билдирүүсүндө мындай деди: “Биз студенттердин университетти бүтүргөндө тек гана маалыматка ээ эмес, ошол эле учурда өндүрүштү өздөштүргөн, колу топуракка тийген, чыныгы тажрыйбасы бар адис болуусуна маани беребиз. Бул күнөсканалардагы ар бир иш алардын кесипке даярдыгын арттырат. Салым кошкон бардык окутуучуларга жана студенттерге ыраазычылык билдирем.”

Органикалык козу карын өстүрүү иштери студенттерге заманбап айыл чарба ыкмаларын практикалык түрдө үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк берип, университетти бүтүргөн соң тармакта талап кылынган квалификацияга ээ адис катары өстүрүүгө өбөлгө түзөт. КТМУ мындай практикалык иштер аркылуу билим берүүнүн сапатын жогорулатуу менен гана чектелбестен, Кыргызстандын айыл чарбасынын өнүгүшүнө салым кошо турган жаш дистерди даярдоодо.

Айыл чарба факультетинин бул багыттагы иштери теориялык билимди практикалык тажрыйба менен айкалыштырган окутуу ыкмасы аркылуу студенттердин өнүгүүсүн  колдоп келет. Органикалык козу карын өндүрүшү болсо студенттердин техникалык билимди да, жоопкерчиликти алуу жөндөмүн да өнүктүргөн маанилүү тармак катары өзгөчөлөнүп турат.

    Социалдык медиада бөлүшүү