“Манас” университети балдарга майрамдын алдында кубаныч тартуулады


  • 2025-06-05

Кыргыз-Түрк “Манас” университети “Университеттен да артык” болуу концепциясына ылайык, коомго кызмат көрсөтүүгө багытталган иш-аракеттерин улантып келет. Социалдык жоопкерчилик долбоорунун алкагында 2025-жылдын 4-июнунда “Айданек” балдар үйүнө барган КТМУнун кызматкерлери жатаканада калган балдар менен жолугушуп, майрам алдында кубанычтарын бөлүшүү менен жүздөрүнө жылмаюу, жүрөктөрүнө үмүт тартуулашты.

Сапар КТМУнун кесиптик жогорку мектебинин туризм жана мейманкана ишмердүүлүгү бөлүмүнүн окутуучусу, Доц.м.а.док. Мурат Авжынын координаторлугунда уюштурулду. Иш-чарага гуманитардык факультетинин тарых бөлүмүнүн окутуучусу, профессор Незахат Жейлан, Доц.м.а.док. Мурат Авжы жана мектепке чейинки билим берүү бөлүмүнүн студенттери катышты.

“Бир оюнчук, бир китеп сенден” деген темада университеттин академиялык жана административдик кызматкерлеринин салымдары менен ишке ашырылган акциянын алкагында топтолгон китептер, оюнчуктар жана ректорат тарабынан берилген түрдүү белектер балдарга жеткирилди. Мындан тышкары, КТМУнун окутуучулары тарабынан атайын балдарга арналып даярдалган китептер алардын маданий өнүгүүсүнө салым кошуу максатында белекке берилди.

Иш-чаранын жүрүшүндө балдар үчүн кызыктуу жана тарбиялык маанидеги оюн-зооктор уюштурулуп, ал эми майрамдык маанай тартуулаган белектер балдардын жүрөгүн сүйүү менен толтурду. Сапардын аягында балдардын көзүндөгү кубаныч бул иш-чаранын канчалык маанилүү жана таасирдүү болгонун дагы бир жолу тастыктады.

“Манас” университети балдарга багытталган бул сыяктуу коомдук иш-чаралар жеке жашоого эле эмес, коомдук тилектештик маданиятына да маанилүү салым кошо турганын түшүнүү менен аракеттенүүдө. Айрыкча камкордукту талап кылган балдарга карата жасалган ар бир маанилүү байланыш - келечекке үмүт менен караган инсандарды тарбиялоого негиз түзөт.

“Университеттен да артык” түшүнүгү менен академиялык билим өндүрүүдөн сырткары коомго таасир этүүнү көздөгөн КТМУ майрам алдындагы күндөрү сүйүүгө жана көңүлгө муктаж жүрөктөргө чын дилинен жетүүнүн тынчтыгын жана сыймыгын сезди.

 

    Социалдык медиада бөлүшүү