Өздүк иденттүүлүк, эс тутум жана орток маданият: Айтматовдун ой дүйнөсү “Манаста” талкууланды


  • 2025-06-12

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин чамгарагында түрк дүйнөсүнүн орток эс тутумунда өзгөчө орду бар Чыңгыз Айтматовдун дүйнөдөн кайтканынын 17 жылдыгына карата маңыздуу илимий жыйын өткөрүлдү. 2025-жылдын 11-июнунда “Манас” университети, Анкарадагы Чыңгыз Айтматов институту жана ТҮРКСОЙ эл аралык уюму  тарабынан ректорлук жыйындар залында “Чыңгыз Айтматовдо: Өздүк иденттүүлүк, эс тутум жана орток маданият” аталышында уюштурулган илимий жыйынга түрк дүйнөсүнөн келген коноктор катышты.

Иш-чаранын катышуучуларынын арасында Түркиянын Кыргызстандагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Мекин Мустафа Кемал Өкем, КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев, Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын депутаты жана Анкарадагы Чыңгыз Айтматов институтунун төрагасы, профессор Ильяс Топсакал, ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раев, Чыңгыз Айтматовдун уулу Элдар Айтматов, ошондой эле, көптөгөн окутуучулар, административдик кызматкерлер жана маданият өкүлдөрү бар.

Илимий жыйындын алдында Чыңгыз Айтматовдун өмүрүн жана чыгармачылыгын чагылдырган сүрөт көргөзмөсү ачылып, катышуучулар тарабынан чоң кызыгуу менен кабыл алынды.

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын депутаты жана Анкарадагы Чыңгыз Айтматов институтунун төрагасы, профессор Ильяс Топсакал ачылыш сөзүндө бул иш-чараны уюштурган ректор, профессор Алпаслан Жейланга жана университеттин жалпы жамаатына терең ыраазылык билдирди. Профессор Топсакал Чыңгыз Айтматов кыргыз элинин гана эмес, бүтүндөй түрк дүйнөсүнүн орток маданий баалуулугу экенин баса белгилеп, жазуучунун чыгармалары жаш муундарга сөзсүз жеткирилүүгө тийиш экенин айтты.

“Чыңгыз Айтматов - биз үчүн өтө чоң баалуулук. Анын чыгармаларында адабий тереңдик эле эмес, ошол эле учурда адамзаттык, адеп-ахлактык жана маданий нарктар бар. Бул баалуулуктарды балдарыбызга жеткирүү үчүн Айтматовдун чыгармалары мектептерде окутулушу керек, жаш муундар ушул мурастын негизинде тарбияланышы керек”, — деди ал.

Биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев: “Чыңгыз Айтматов бир гана Кыргызтандын эмес  бүтүндөй түрк дүйнөсүнүн жана ааламдын эң белгилүү жазуучусу. Биздин орток сыймыгыбыз. Залкар жазуучу жөнүндө айта турган болсок эч качан сөз түгөнбөйт.”

Ибраев илимий жыйында карала турган темалар Айтматовдун улуу мурасына жарык чачат деген ишеничин билдирди. Жазуучу чыгармаларында маанилүү темаларга кайрылганын, алардын ичинен негизгиси экология экенин белгилеген биринчи проректор: “Чыңгыз Айтматов көтөргөн маселелер мындан ары дагы жандандырылып, жаңы деңгээлге чыгаарына  ишенем”, — деди.

Сөзүнүн соңунда илимий жыйынды уюштурууга салым кошкондордун баарына ыраазычылык билдирип, баяндамачыларга ийгилик каалады.

ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы Султан Раев өз сөзүндө КТМУ жогорку билим берүү жаатында бир гана Кыргызстанда гана эмес, жалпы түрк дүйнөсүндөгү эң алдыңкы жогорку окуу жайлардын бири экенин баса белгиледи. Айтматовдун “Манас” университетине өтө жакын болгонун айткан Раев: Бул окуу жайга келүү, студенттер менен жолугушуу ага жакшы маанай тартуулайт эле. Ошондуктан бүгүн бул жакта чогулуунун чоң мааниси бар”, – деди.

Ачылыш сөздөрүнөн кийин илимий жыйын КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейландын төрагалыгы астында өттү. Түрк дүйнөсүнүн адабий мурасына жарык чачкан иш-чарада катышуучулар баяндамаларды кунт коюп угушту.

Илимий жыйында профессор Лайли Үкүбаева “Биз билген жана билбеген Чыңгыз Айтматов” аталышындагы баяндамасында улуу жазуучунун адабий мурасына көп өңүттөн токтолду. Үкүбаева Айтматов кыргыз адабияты үчүн эле эмес, бүткүл түрк дүйнөсү үчүн да жалпы адамзаттык баалуулуктарды камтыганын баса белгилеп, анын чыгармаларында адам, табият жана убакыт түшүнүктөрү тереңдик менен чагылдырылганына көңүл бурду. Ошондой эле, Айтматовдун кыргыз тилине жана маданий иденттүүлүккө берген өзгөчө маани-маңызын дагы бир жолу белгиледи.

Андан соң профессор Мухаммет Ханиф Мажит “Эс тутумдун жоготулушунда батыш түшүнүгүнө каршы Айтматовдо маңкуртташтыруу түшүнүгү ” деген темада баяндама жасап, жазуучунун резонанс жараткан “манкурт” метафорасына терең талдоо жүргүздү. Профессор Айтматов бул түшүнүк аркылуу элдин аң-сезимин, инсандык өздүгүн жана маданий тамырларын кандайча системалуу түрдө унуттурууга аракет жасалганын таасирдүү түрдө көрсөткөнүн айтты.

Илимий жыйындын акыркы баяндамачысы Доц.м.а.док. Миргүл Текешова “Чыңгыз Айтматов жана орток түрк адабияты” аттуу баяндамасында Айтматовдун чыгармаларынын түрк дүйнөсүнүн адабиятындагы интеграциялык ролун талкуулады.

Текешова Айтматовдун жазган баяндары бир эле автордун жеке портретин түзүп гана тим болбостон, ошондой эле, жалпы тарыхты, маданиятты жана баалуулуктар дүйнөсүн да чагылдырып турганын белгилеп, “Айтматов – орток түрк адабиятынын калыптанышындагы жол башчы инсан”,  – деди.

Иш-чара баяндамачыларга ыраазычыылк баракчаларын тапшыруу жана жамааттык эстеликке сүрөткө түшүү менен аяктады.

    Социалдык медиада бөлүшүү