Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин 30 жылдык мааракесинин алкагында ректорлор форуму өткөрүлдү. Түрк дүйнөсүндөгү жогорку окуу жайлардын ректорлорун бириктирген иш-чара 2025-жылдын 18-сентябрында университеттин маданият борборунда болуп өттү.
Форумга: КТМУнун Камкорчулар кеңешинин төрагасы, профессор Ибрахим Чапак, Түркия Республикасынын Президенттик Стратегия жана бюджет башчысы Ибрахим Шенел, Түркия ЖОЖдор кеңешинин төрагасынын орун басары, профессор Нажи Гүндоган, "Манас" университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев, ректор жардамчысы, профессор Камалбек Карымшаков, башкы катчы, профессор Исмет Алтынташ, ошондой эле Кыргызстан, Түркия, Казакстан, Өзбекстан, Венгрия жана Орусиядан келген бир катар университеттердин ректорлору, орун басарлары, академиктери жана окумуштуулары катышты.
Программа "Манас" университетинин таанытуу тасмасы менен башталып, андан кийин түрк дүйнөсүнүн университет ректорлорунун билим жана илим тармагындагы кызматташууну чыңдоо тууралуу сүйлөшүүлөрү менен уланды.
"Манас" университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан форум тууралуу "Бул иш-чара түрк дүйнөсүндөгү университеттердин биргелешип иштөө мүмкүнчүлүгүн көрсөтүп жатат. "Манас" университети бүгүнкү күнгө чейин дүйнөнүн көптөгөн университеттери менен кызматташтыкты ишке ашырып келди. Бүгүн бул жерде ректорлорубузду кабыл алып жаткандыктан чоң кубанычтабыз. Ошондой эле, 30 жылдык мааракебизде куттуктоо жана ийгилик каалоо сөздөрүн жолдогон бардык ректорлорго жана окумуштууларга ыраазычылык билдирем"-деп айтты.
Форумга Сүлейман Демирел университети, Ататүрк университети, Хожо Ахмет Ясави Казак-Түрк университети, М. Акмулла Башкыр мамлекеттик педагогикалык университети, Ташкент мамлекеттик педагогика жана экономика институту, Казакстандагы Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университети, Назарбаев университети, Юнус Режепи Өзбек улуттук музыка жана искусство институту, Анжиян айыл-чарба жана агротехнология институту, Наманган мамлекеттик университети, Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети, Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы жана Коркут Ата Кызылордо мамлекеттик университетинин жетекчилери катышып, "Манас" университетинин 30 жылдык мааракесин куттукташты.
Сүйлөө сөздөрүнөн кийин КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан жана биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев форумга келген ректорлорго "Манас" университетинин 30 жылдык ийгиликтерин жана түрк дүйнөсүнө кошкон илимий, маданий жана академиялык салымын туюнткан «30 жылдык медалын» тапшырышты.
Форум түрк дүйнөсүнүн университеттери ортосундагы билим алмашуу, илимий кызматташтык жана маданий байланыштарды чыңдоонун маанисин белгилеп, келечектеги стратегиялык өнөктөштүктөргө жол ачты. Бул иш-чара жөн гана мааракелик майрам болбостон, аймактык академиялык интеграция жана эл аралык кызматташтык үчүн маанилүү илимий аянтча болду.