2025-жылдын 19-сентябрында Түрк мамлекеттери уюмунун (ТМУ) Башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев Кыргыз-Түрк «Манас» университетине (КТМУ) келди. Өмүралиевди КТМУнун ректорлук имаратында ректор, профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев жана ректордун кеңешчиси, профессор Октай Өзгүл тосуп алды.
Ректорлук макамында болуп өткөн жолугушууда Өмүралиев «Манас» университетинин 30 жылдык мааракесин куттуктап, университеттин Түрк дүйнөсү үчүн маанилүүлүгүнө токтолду. Өмүралиев өз сөзүндө: «Манас» университетинин 30 жылдык мааракеси куттуу болсун. Бул университет - Кыргызстан жана Түркияда эле эмес, дүйнө жүзүнө да таанылып баштаган ийгиликтүү билим берүү мекемеси. Бүтүрүүчүлөрүңөр Борбор Азиядан баштап дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө кызмат кылып жатышат. Жаштар - биздин келечегибиз. Билим жок жаштар кайда барат? Бүгүн дүйнө илим жана инновация доорунда.
«Манаста» жан дили менен иштеп жаткан бардык окутуучулук жана административдик кызматкерлердин эмгеги зор. Сиздерди чын жүрөктөн куттуктайм жана мындан да чоң ийгиликтерди каалайм. "Манас" университетинин Түрк дүйнөсүнө кошкон салымы абдан чоң”, — деп белгиледи.
Ректор, профессор Алпаслан Жейлан ТМУнун Башкы катчысы Өмүралиевдин университетке болгон сапарына кубанычын билдирип, мындай деди: “Түрк мамлекеттери уюмунун башында болушуңуз - биз үчүн чоң сыймык. Университетибизге кошкон салымыңыз жана колдооңуз үчүн ыраазычылык билдирем”.
Жолугушуу жалпы эстеликке сүрөткө түшүү жана ТМУнун Башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевге КТМУнун 30 жылдык медалын тапшыруу менен аяктады. Жолугушуудан кийин Өмүралиев университеттин “Манас ТВ” студиясына да барып, ал жердеги иштер тууралуу маалымат алды.