Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан 2025-жылдын 26-сентябрында Түрк академиясынын президенти, профессор Шахин Мустафаевди өзүнүн кызмат бөлмөсүндө кабыл алды.
Жолугушууда сөз сүйлөгөн профессор Мустафаев “Манас” университетинин 30 жылдык мааракеси менен куттуктап, жаңы окуу жылына ийгилик каалады. Ал ошондой эле университеттин Кыргызстандагы билим берүү иштериндеги маанисине токтолду.
Ректор, профессор Жейлан ыраазычылык билдирип, Түрк академиясынын университетке кошкон баалуу салымы жана биргеликте жүргүзүлүп жаткан кызматташтык үчүн рахматын айтты. Зыяраттын алкагында профессор Мустафаевге “Манас” университетинин 30 жылдыгына арналган атайын медаль тапшырылды.
Жылуу маанайда өткөн жолугушууда эки мекеменин билим жана илим тармагындагы кызматташтыгын дагы да бекемдөө маселелери талкууланды.
Жолугушуу жалпы сүрөткө түшүү менен жыйынтыкталды.