Манастын студенттери ТРТ тарабынан уюштурулган “Келечектин коммуникаторлору” сынагында алдыңкы орундарды багындырышты


  • 2025-10-17

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетинин студенттери ТРТ тарабынан уюштурулган “11-ТРТ Келечектин коммуникаторлору” сынагында чоң ийгиликке жетишти. Бул жылы сынакка 139 университеттен  2431 студент 2312 чыгармачыл эмгектери  менен катышып рекорддук көрсөткүч катталды. Сынактын сыйлык тапшыруу аземи 2025-жылдын 14-октябрында ТРТ 2 телеканалы аркылуу түз эфирде көрсөтүлдү. Кыргыз-Түрк “Манас” университети “Көрүнүштүү багыт” категориясында 5 долбоор менен финалга чыгып, 3 сыйлыкка ээ болду.

КТМУнун Радио, телевидение жана кино бөлүмүнүн студенти Айжамал Мирбек кызы “Алтын балык” аттуу  тасмасы менен “кыска метраждуу тасма” категориясында 1-орунду ээлеп,  “Манас” университетине чоң сыймык тартуулады. 

Ушул эле категорияда Айнуска Асанбекова “Атасынын кызы” тасмасы менен ТРТнын атайын сыйлыгына ээ болду. “Даректүү тасма” категориясында Гулиза Абдыкамилова “Тоо балдары” аттуу даректүү тасмасы менен  дагы бир ТРТнын атайын сыйлыгын жеңип алды.

Мындан тышкары, Сезим Муканбет кызынын «Тез жардам/Кездешүүлөр» жана Сейитбек Макелеевдин «Агым» аттуу даректүү  долбоорлору да финалга чыгып, калыстар тобу жана көрүүчүлөр тарабынан жогору бааланды.

Сыйлыктарды студенттерге TRTнын  башкы директору, профессор Мехмет Захид Собажы тапшырды. Сыйлыктарга ээ болгон студенттер, аларды колдогон окутуучуларына жана Кыргыз-Түрк «Манас» университети тарабынан сунулган мүмкүнчүлүктөргө ыраазычылыктарын билдиришти.

Кыргыз-Түрк «Манас» университети, Түркиянын коммуникация тармагындагы эң кадыр-барктуу сынактардын биринде жетишкен бул ийгиликтери менен эл аралык аренада атын дагы бир жолу таанытты.

Жетишкен ийгиликтери  менен университетибиздин атын чыгарган студенттерибизди жана долбоор кеңешчилерин чын жүрөктөн куттуктайбыз, алдыдагы иштеринде да жогорку жетишкендиктерди каалайбыз.

    Социалдык медиада бөлүшүү